БАКТИЯР ОРОЗОВ БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРИНИН БИРИНЧИ ОРУН БАСАРЫ БОЛУП ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 25.02.2022
  • 0

Министрлер кабинетинин башка тескемеси менен Бактияр Орозов билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Бул кызмат орунга дайындалганга чейин ал Президенттик Администрациянын жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын Президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти болуп иштеп келген.

Орозов Мамлекеттик кадр кызматынын 2021-жылдын 30-июнундагы №115 буйругу менен Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кадрларынын улуттук резервине (жогорку кызмат орундарына) киргизилген.

Резюме:

Бактияр Орозов 1986-жылы 28-майда Бишкек шаарында туулган.

Билими:

  • 2008-жылы Б.Н.Ельцин атындагы Кыргыз-Россия Славян университетинин юридика факультетин «юриспруденция» адистиги боюнча аяктаган.
  • 2010-жылы И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы Гуманитардык билимдер институтунун экономика факультетин «экономист-менеджер» адистиги боюнча артыкчылык диплому менен аяктаган.

Чин даражасы:

  • Мамлекеттик жарандык кызматтын III даражадагы кеңешчиси.
    Окумуштуулук даражасы:
  • Юридика илимдеринин кандидаты.

Эмгек жолу:

  • 10.2008 – 07.2009 — Бишкек шаарынын Свердлов райондук администрациясы, укуктук, кадрдык жана иш кагаздарын камсыздоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси;
  • 09.2009 – 09.2013 — Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, ректордун жардамчысы, эл аралык байланыш бөлүмүнүн башчысы, «Жазык процесси жана криминалистика» кафедрасынын алдындагы криминалистика кабинетинин башчысы, Юридикалык институттун мамлекеттик жана укуктук саясат бөлүмүнүн жетектөөчү адиси, башкы адиси, Юридикалык колледждин башчысынын тарбия иштери боюнча орун басары;
  • 09.2013 – 11.2013 — Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы, укук башкармалыгынын интеллектуалдык менчик укугун жүзөгө ашыруу бөлүмүнүн башчысы;
  • 03.2014 – 09.2015 — Жогорку Кеңеш, депутаттын консультанты;
  • 09.2015 – 07.2016 — Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети, Юридикалык институт, «Жазык укугу жана процесси» кафедрасынын доцентинин милдетин аткаруучу;
  • 07.2016 – 08.2016 — Президенттин жана өкмөттүн иш башкармалыгы, Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк аппаратынын ишин камсыздоо боюнча топтун башкы адиси;
  • 08.2016 – 04.2017 — Өкмөт аппараты, чечимдердин аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн референти;
  • 04.2017 – 04.2019 — Өкмөт аппараты, укуктук экспертиза бөлүмүнүн эксперти;
  • 04.2019 – 05.2021 — Өкмөт аппараты, укуктук экспертиза бөлүмү, Адам укугун коргоо боюнча координациялык кеңештин ишин камсыздоо секторунун башчысы;
  • 05.2021 – 09.2021 — Президенттик администрация, курулуш, транспорт, жолдор жана коммуникациялар бөлүмүнүн эксперти;
  • 09.2021 – 10.2021 — Президенттик администрация, курулуш, транспорт, жолдор жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
  • 10.2021 – 02.2022 — Президенттик администрация, президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыктын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин экспертизалоо бөлүмүнүн эксперти.

Сыйлыктары:

  • Кыргыз Республикасындагы соттук-укуктук реформанын алкагында өткөрүлгөн иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн премьер-министрдин энчилүү сааты менен сыйланган;
  • Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат системасын өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы үчүн премьер-министрдин ыраазычылыгы жарыяланган;
  • Ички иштер министрлигинин, өкмөткө караштуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын, Мамлекеттик бажы кызматынын, Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын, Борбордук Азиядагы PRI эл аралык абак реформасынын медалдары менен сыйланган;
  • Юстиция министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ардак грамоталары менен сыйланган.
Бөлүшүү

Комментарийлер