«БАКАЙ БАНК» БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН КИТЕПКАНАЛАРЫНА КИТЕПТЕРДИ ӨТКӨРҮП БЕРДИ

  • 05.06.2023
  • 0

5-июнда Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Уланбек Усеков «Бакай Банк» ААК тарабынан билим берүү уюмдарынын китепканаларына «Кыргыз макал, лакап, учкул сөздөрү» жыйнагын тапшыруу аземине катышты.

«БАКАЙ БАНК» БИЛИМ БЕРҮҮ УЮМДАРЫНЫН КИТЕПКАНАЛАРЫНА КИТЕПТЕРДИ ӨТКӨРҮП БЕРДИ

Салтанатта «Бакай Банк» башкармалыгынын Төрайымы Нургүл Сатарова: «Бул китеп өсүп келе жаткан муундун тилге карата болгон сүйүүсүн жана камкор мамилесин өстүрүүгө жардам берет деп ишенебиз», — деди.

Уланбек Усеков «Бакай Банк» ААКсына балдардын билим алуусуна кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

Мухаммед Ибрагимов түзгөн «Кыргыз макал, лакап, учкул сөздөрү» жыйнагынын 5000ден ашуун нускасы мектептерге, колледждерге жана жогорку окуу жайларына таркатылат.

Бөлүшүү

Комментарийлер