Бакай-Атадагы бала бакчалар заманбап техника менен жабдылды

  • 17.09.2025
  • 0

Талас облусу, Бакай-Ата районундагы 18 бала бакча компьютерлер жана түстүү принтерлер менен камсыздалды.

Бүгүнкү күндө балдардын сапаттуу билим жана тарбия алуусу үчүн татыктуу шарттарды түзүү коомдун башкы максаттарынын бири болуп саналууда. Ушул максатты көздөп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Русланбек Жакышов Бакай-Ата районундагы 18 бала бакчага заманбап компьютерлерди жана түстүү принтерлерди белекке тапшырды.

Бакай-Атадагы бала бакчалар заманбап техника менен жабдылды

Депутат:

— «Бала бакчалар — билимдин алгачкы тепкичи гана эмес, ар бир баланын инсан катары калыптанышына таасир этүүчү маанилүү чөйрө. Бүгүнкү күндө технология бардык тармакка терең кирип, ансыз өнүгүү мүмкүн эмес. Андыктан бул жабдуулар балдардын технологияга болгон кызыгуусун арттырып, окутуу процессин да бир топ жеңилдетет деп ишенем», — деди.

Бакай-Атадагы бала бакчалар заманбап техника менен жабдылды

Бул техникалар тарбиячылардын күнүмдүк ишин оңойлотуп, иш кагаздарын жүргүзүүдө да чоң жардамчы болот. Компьютер жана принтерлердин орнотулушу менен ар бир бала бакчада окутуунун сапатын жогорулатууга мүмкүнчүлүк жаралат.

Мындай демилге жергиликтүү тургундар жана бала бакча жамааттары тарабынан жылуу кабыл алынып, эл өкүлүнүн билим берүүгө кошкон салымы катары жогору бааланууда.

(БК)

Бөлүшүү

Комментарийлер