БААТЫРДЫН 106 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

  • 26.04.2021
  • 0

Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарындагы Д.Шопоков атындагы №4 мектепте кыргыздын сыймыктуу уулу Дүйшөнкул Шопоковдун 106 жылдыгына арналган “Карегимде Мекеним, баатырдын ысмын алган мектебим” аттуу облустук семинар болду.

БААТЫРДЫН 106 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

Баатырдын ысмын алып жүргөн мектептин тарых сабагынын мугалими Миргүл Мадышованын айтымында, семинарга баатыр туулуп-өскөн Чүй облусунун Сокулук районундагы Шалта айылында жайгашкан Дүйшөнкул Шопоковдун мемориалдык музейинин жетекчиси Клара Көбөгөнова, ошол айылдагы мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Айнура Оморова ардактуу конок катары атайын чакырылган.

— Биздин достук карым-катнашыбыз көптөн бери келатат десем болот. Мындан бир нече жыл мурда мен да атайын барып, баатырдын баатыр жары Керимбүбү апа менен жүз көрүшүп келгем. Ошондон бери баатырлардын айылы менен тыгыз байланыштабыз. “Баатырдын өмүрү кыска, даңкы узун” дегендей, Улуу Ата Мекендик согуштун баатыры, 28 панфиловчунун бири, кыргыздардын ичинен биринчи Советтер Союзунун Баатыры наамын алган жердешибиз Дүйшөнкул Шопоков жана анын жубайы Социалисттик эмгектин баатыры Керимбүбү Шопокованын эрдиктери, басып өткөн жолу унутулбай, муундан муунга уланып жашай берерине ишенем, — дейт Миргүл Мадышова.

БААТЫРДЫН 106 ЖЫЛДЫГЫНА АРНАЛДЫ

Семинардын жүрүшүндө Р.Тезекбаеванын жетекчилиги менен баатырды согушка узатуудан бир көрүнүш, тылда калган Керимбү апанын кызылча талаасындагы бригадасынын ишинен дагы бир элес, Кара-Көл шаарындагы №718 аскердик бөлүктүн командири С.Ш.Бакыевдин жардамы менен көрсөтүлгөн согуш талаасындагы жоокердин чатыры, тамагы, куралдуу көчтөрдүн символу болгон согуш танкасы, жоокер кийимин кийген окуучулар, эжей-агайлар, ушул көрүнүштөрдүн баарын коштогон патриоттук музыкалык кайрыктар, полктун парады, баатырдын эстелигине коюлган гүл чамбар ж.б. семинардын катышуучуларын кайдигер калтырган жок.

Семинардын экинчи бөлүгүндө катышуучулар М.Мадышованын “Эрдиги, эмгеги менен таанылган баатырлар элдин эсинде”, А.Ибраимованын “Эрдиктер эскирбейт”, М.Маматованын “Жеңишти тартуулаган баатырлар” темалары боюнча өтүлгөн ачык сабактарына күбө болушту.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер