БААТЫР ОКУУЧУ СЫЙЛАНДЫ

  • 04.10.2021
  • 0

Бишкектеги №49 орто мектебинин 3 «К» классынын окуучусу  9 жаштагы Нурмухамед Жумабеков Ардак грамота менен сыйланды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, окуучу 24-сентябрда күйүп жаткан үйдөн 7, 5 жана 3 жаштагы инилерин алып чыгып, өмүрүн сактап калган.

Эске сала кетсек, ушул жылдын 24-сентябрында саат 13:44төр чамасында Бишкектин Биринчи май районунун Месароша көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыгып, өрттүн кесепетинен  90 чарчы метр жери күйүп кеткен.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер