БААТЫР БАСКАН ЖОЛ

  • 21.10.2020
  • 0

Көрүнүктүү мамлекеттик жана саясий ишмер, Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиев жөнүндө “Кыргыз Республикасынын Баатыры Турдакун Усубалиев” деген китеп басмадан жарык көрдү.

Бул китепте Турдакун Усубалиевдин өмүр баяны, мамлекеттик ишмердүүлүгү, “Манас” эпосун өнүктүрүүгө, өстүрүүгө байланыштуу аткарган иштери, өлкөнүн экономикасын чыңдоодо, эл чарбасынын бардык тармактарын көтөрүүдө, саламаттык сактоо, билим берүү жана маданият тармагындагы аткарылган иштер жөнүндө, республиканы чейрек кылым башкарып тургандагы башынан өткөн окуялары, баяндалат.

Ошондой эле анын бабасы Калыгул даанышман, кыргыздын көрүнүктүү инсандары, замандаштары И.Раззаков, Ч. Айтматов, С.Ибраимов менен болгон мамилелери, маданиятыбыздын белгилүү ишмерлери А.Жумакматов, К.Молдобасанов, Т.Садыков, белгилүү хирург М. Мамакеев  жөнүндө  маалыматтар бар.

“Ала-Тоо” аянты жана борбор шаардын көркүн ачкан имараттардын курулушу жөнүндө, кереметтүү Соң-Көл кантип соолубай калгандыгы, чалкыган көлгө айланбай, көп чатактан кийин чечилген Чаткал өрөөнү жөнүндө айтылат.

Улутубуздун саламаттыгын бузган, келечегине доо кетире турган апийим өстүрүүнү жана уран кендерин иштетүүнү Кыргызстанда токтотуудагы болгон аракеттер жөнүндө таанышууга болот.

Ош облусу кантип жоюлбай калгандыгы, Кыргызстандын пахта өстүрүүчү райондору Өзбекстанга кантип берилбей калгандыгы жана  мурда жоюлуп кеткен облустар кантип калыбына келтирилгендиги, Фрунзе шаарында Ош жана башка базарлар кандайча курулгандыгы жөнүндө  маалыматтар бар.

Т.Усубалиевдин Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи секретарлык кызматынан кандайча кеткендиги, ага тагылган айыптоолор жана каралоолор, анын Улуу Ата мекендик согушка эмне себептен катышпай калгандыгы, Горбачевчулар аны түрмөгө отургузууга кандай аракет кылышкандыгы жөнүндө айтылат.

Китептен Кыргыз Республикасынын 60-70 жылдагы  тарыхы, саясий турмушу, экономикасы, маданияты жөнүндө кыскача маалымат алууга болот.

Автор Т.Усубалиевдин чейрек кылым ичиндеги республикага кылган эмгегин калайык калкка, өзгөчө кийинки жаш муундарга жеткирүүгө аракет кылган.

М. Токторов

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер