БААРЫНАН ЫЙЫК — ЫНТЫМАК

  • 22.02.2024
  • 0

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн бардык жалпы билим берүү мекемелеринин арасында 21-февраль — Эл аралык эне тили күнүнө арналган достук форуму болуп өттү.

Достук форуму мамлекеттик тилди технология тилине айлантуу, өнүктүрүү, жайылтуу, мамлекеттик тилдин конституциялык даражасын чыңдоо, аны колдонуу чөйрөсүн кеңейтүү, көп тилдүүлүктү сактоо менен өз элинин руханий-адеп-ахлактык жана маданий баалуулуктарын терең сиңирген эне тилин негизги баалуулук катары сыйлаган, билимдүү, жоопкерчиликтүү, дени сак жана мекенчил өспүрүмдөрдү тарбиялоо максатын камтыды.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Гүлмира Кыштобаева жана Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын башкы адиси Асылбек Орозов, Токмок шаарынын мэринин орун басары Туратбек уулу Алишер катышты.

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бакыт Алмакунов катышуучуларга кайрылып сүйлөгөн сөзүндө эл аралык эне тил күнүнө арналган достук форумунун улуттар аралык ынтымакты, достук көпүрөсүн бекемдөөдө ролу чоң экендигин баса белгилеп, келечек ээлерин ынтымакты ыйык сактоого чакырды.

Достук форумунун соңунда Токмок шаарынын мэриясы баалуу белектерди тапшырды.

Бөлүшүү

Комментарийлер