БААРЛАШУУ, СЫРДАШУУ – БАКТЫЛУУЛУК АЧКЫЧЫ

  • 19.04.2020
  • 0

БААРЛАШУУ, СЫРДАШУУ – БАКТЫЛУУЛУК АЧКЫЧЫ

Азыркы учурда балдардын жан кыюусуна себептердин негизгилери: баланын ички дүйнөсүндөгү жалгыздыгы, ата-эне мээриминин жетишсиздиги же күч жана психологиялык жактан басмырлануусу болуп жатпайбы.

Мен балдарым кичине кезинде алардын ой-пикирин тереңирээк билүү үчүн алар менен «суроо-жооп» оюнун ойнойт элек.

Бул оюнду кенже уулум телевизордон журналист менен каармандын блиц-маегин көрүп олтурганыбызда:»Мага да суроо бериңизчи?» — деп сунүштаган эле. Кийин биз аны ырааттуу көнүгүүгө айландырып алдык.

Бул үчүн аларга сабакка тиешелуү эмес суроолорду берем, алар жооп бериши керек. Кээде алар суроо беришчү, мен жооп береи. Бул оюнду ар бири менен өзүнчө ойночумун, ошондо гана чын дилинен жооп беришет.

Мисалы, кенже уулум 10 жашындагы «суроо-жооп» көнүгүүбүздөн ушуну күндөлуккө жазып койгон экенмин:

Мен ага:

— Сенин эң бактылуу күнүң?

— Туулган күнүм.

— Эң кайгылуу күнүң?

— Тоту кушум өлүп калган күн.

— Эмнени каалайсың?

— Сиз ишке барбай үйдө болсо деп каалайм.

— Анда бизге акчаны ким берет?

— Сиз берген акчадан 25 сом жыйнагам. Ошону берем сизге. Бир күнгө жетеби?

— Кандай кыялың бар?

— Футболист болуу, олимпиада чемпиону болуу.

— Эмнеден коркосуң?

— Сизди карып өлүп калат деп.

Ушундай «суроо-жооп» көнүгүүсү балаңыз менен диалог түзүүгө жана түшүнүүгө жардам берет.

Зинакан Пасаӊова, жазуучу

Фото «Роза Отунбаеванын демилгеси» фондунун сайтынан алынды

Бөлүшүү

Комментарийлер