«БААЛОО» УЛУТТУК ПРОГРАММАСЫ: МЕКТЕПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫН БААЛООДОГУ ЖАҢЫ БАСКЫЧ
- 09.06.2025
- 0
Өлкөдөгү мектептик билим берүүнүн сапатын системалуу жана илимий негизде талдоо максатында ишке ашырылган «Баалоо» улуттук программасынын жыйынтыктарына арналган тегерек столдо агартуу министринин орун басары Надира Джусупбекова аталган программаны билим берүү чөйрөсүндөгү абалды аныктоого жана стратегиялык чечимдерди кабыл алууга негиз болуучу маанилүү курал катары белгиледи. Программаны Агартуу министрлигине караштуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаменти ишке ашырууда.
Маалыматка таянсак, Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу 4- жана 8-класстын окуучуларынын ири масштабдуу тестирлөөсү санариптик форматта өткөрүлдү. Бул кадам тестирлөө процессинин объективдүүлүгүн, ачык-айкындыгын жана технологиялуулугун бир топ жогорулатты. Иш-чарага репрезентативдүү тандалма аркылуу тандалган 200 жалпы билим берүү уюму катышты.
«Баалоо» улуттук программасы Дүйнөлүк банктын финансылык колдоосу менен ишке ашырылып, окуучулардын билим жетишкендиктерине мониторинг жүргүзүү үчүн заманбап санариптик чечимдерди иштеп чыгууга жана киргизүүгө шарт түздү.
Тегерек столдо тестирлөөнүн негизги жыйынтыктары сунушталып, алар жалпы билим берүү системасынын күчтүү жана алсыз жактарын аныктоого, мындан аркы өнүктүрүү багыттарын белгилөөгө өбөлгө түздү. Айрыкча талкууларда өлкөнүн бардык окуучулары үчүн билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк түзүү маселеси (жашаган жери, социалдык статусу же окутуу тилине карабастан) көңүл борборунда болду.
Иш-чарага Агартуу министрлигинин, аймактык билим берүү башкармалыктарынын өкүлдөрү, мектеп жетекчилери, адистер жана билим берүүнүн сапатын баалоо жаатындагы эксперттер катышты. Бардык катышуучулар билим берүүдөгү жетишкендиктерди туруктуу көзөмөлдөп туруу жана инновациялык баалоо ыкмаларын жайылтуу ниетин билдиришти.
Агартуу министрлиги программага катышкан бардык өнөктөштөргө, уюштуруучуларга жана катышуучуларга ыраазычылык билдирип, так маалыматтарга негизделген сапаттуу байланыш — билим берүү системасындагы туруктуу өзгөрүүлөрдүн жана мектептик билим берүүнүн сапатын жакшыртуунун негизги шарты экенин баса белгиледи.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер