БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ КҮБӨЛҮКТӨР МЕНЕН АТТЕСТАТТАР 30-ИЮНДА ТАПШЫРЫЛАТ

  • 16.06.2025
  • 0

2025-жылдын 30-июнунда саат 9:00дө бардык билим берүү уюмдарында 9- жана 11-класстардын бүтүрүүчүлөрүнө мамлекеттик үлгүдөгү документтер – негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк жана орто жалпы билим жөнүндө аттестат тапшыруу иш-чарасы өткөрүлөт.

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРГӨ КҮБӨЛҮКТӨР МЕНЕН АТТЕСТАТТАР 30-ИЮНДА ТАПШЫРЫЛАТ

Документтерди тапшыруу учурунда коопсуздукту камсыз кылуу ар бир билим берүү мекемесинин жетекчисинин жеке жоопкерчилигинде болот.

2024-2025-окуу жылында 9-классты 134 681 бүтүрүүчү, 11-классты 80 540 бүтүрүүчү аяктап жатат.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер