БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДӨН МЕКТЕПКЕ БЕЛЕК

  • 03.09.2020
  • 0

Каракол шаарындагы №3 гимназия мектебинин 2000-жылкы бүтүрүүчүлөрү компьютердик классты толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүп беришти, деп билдирди Turmush басылмасынын кабарчысы. Ошондой эле класска эмерек жана 12 даана компьютер белек кылышты.

Компьютердик класстын ачылышы 1-сентябрь — Билим күнүнө карата болду. Аземге шаар мэри А.Каниметов, билим берүү бөлүмүнүн башчысы Ж.Урумов катышты.

— Бул класс мектепке дистанттык сабак өтүүдө чоң өбөлгө болот. Быйыл гимназиянын 1-классына 265 окуучу кабыл алынып, алар үчүн 8 класс ачылды, — дейт мектеп директору Бактыгүл Байгазиева.

Бөлүшүү

Комментарийлер