БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН МАЙРАМЫ ЖАНА ЖАРДАМЫ

  • 10.05.2023
  • 0

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН МАЙРАМЫ ЖАНА ЖАРДАМЫ

Ар бир жылдын 25-майында улам бир муун өзүнүн балалыгын эстеп, мектепте окуучулук күндөрүн чогуу өткөргөн классташтар 10,20,30 жылдык жолугушуу кечелерине чогулушат. Албетте, алардын максаты жөн гана чогулуп, шаан-шөкөт өткөрүп кетип калыш эмес. Он бир  жыл окуп, билим алган мектебине аз да болсо салым кошо кетүү.

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиевдин “Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы” долбоорун түзүү демилгеси окуу жылдын акыркы айларына туш келип жаткандыгы бул долбоордун колдоого алынып, ийгиликтүү иштеп кетишине эң жакшы учур деп айтса болчудай. Себеби ар бир мурдагы жылдын бүтүрүүчүлөрү салтка айланып калган 10, 20 жылдык жолугушууларын же болбосо мектепке кылчу жардамдарын дал ушул окуу жылдын аягында кылышат эмеспи. Министрдин жогорудагы долбоорду сунуштап чыкканы катардагы куру бекер сөз эмес. Анткени ал долбоор биринчиден, бүтүрүүчүлөр арасында ынтымакты бекемдейт, экинчиден, мектептерге жана ал жакта билим алып жаткан ар бир окуучунун татыктуу билим алуусу үчүн чоң жардам болот, үчүнчүдөн, илгертен келе жаткан кээ бир мектептердеги көмүскө акча чогултуу деген ата-энени кыйноо адаты токтойт. Албетте, бул долбоорсуз эле иш алып барып жүрөбүз, мектепке жардам берип эле келе жатабыз, дегендер да четтен чыгышы мүмкүн. Бирок ар бир бүтүрүүчү берип жаткан жардам мектепке туура жана түз жумшалып жатабы? деген суроо жаралат. Алар эч кандай отчет сурабастан мектеп жетекчилигине же бир мугалимге колунда болгон белегин, балким акчалай жардамын берип кетишет. Ал эми ал каражат ошол мектептин бир кем-карчысын толуктаганга жумшалат деп эч ким кепилдик бере албайт. Ошондуктан “Бүтүрүүчүлөр ассоциациясы” долбоорунун эң маанилүү миссиясы бул — мектептер үчүн атайын банктык эсеп ачып, ал жакка которулган каражаттар каякка сарпталганы тууралуу отчет алып туруу. Ар бир бүтүрүүчү бир гана 25-майда эмес, мектеби үчүн өзү каалаган убакта колунан келген акча каражатын мектепке жардам катары которуп турат.

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН МАЙРАМЫ ЖАНА ЖАРДАМЫ

«Жакында жолугушабыз, мектебибизге колубуздан келишинче салым кошуп келебиз» деп, окуу жылдын аякташын чыдамсыздык менен күтүп жаткан 10, 20 жылдык бүтүрүүчүлөрдүн саны арбын.   Башкаларга үлгү көрсөтө турчу жакшы иштерди жасап, качандыр бир кезде билим тарбия берген мектебин унутта калтырбай жардам берип келе жаткан бүтүрүүчүлөр арабызда аз эмес. Буга  мисал Жалал-Абад облусунун Аксы районунун Надыр Мамбетов атындагы орто мектебинин 10, 20 жылдык бүтүрүүчүлөрү дайыма мектеп үчүн жакшы жардамдарын берет. Андан сырткары, жекече да демөөрчүлүк кылып, билим уясына салым кошкондор бар экенин мектеп директору баса белгиледи.

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН МАЙРАМЫ ЖАНА ЖАРДАМЫ

— Биздин мектепте мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн өздөрү окуган билим уясы менен байланышы жакшы жолго коюлган. Алар 10, 20, 30 жылдык жолугушууларга келген учурда жана мындан сырткаркы мезгилдерде да демөөрчүлүк кылып келишет. Бир эки мисал айта кетсем, 2019-окуу жылында он жылдык жолугушууга келген бүтүрүүчүлөр окуучуларды мектепке ташуу үчүн кичи автобус алып беришкен. Мындан сырткары, жекече демөөрчүлүк кылып жардам бергендер бар. Алардын жардамы менен мектептин ичине беш кол жуучу раковина аристондору менен жасалды, төрт окуу классы толугу менен жаңы эмерек жана окуу куралдары менен жабдылды, мектептин бир канча эскилиги жеткен терезелери жаңыртылды. Ошондой эле жалпы биздин айылдын бүтүрүүчүлөрү мектепке 460 миң сомго үч интерактивдүү досканы ноутбуктары менен алып беришти,- дейт Үзөн Атаканов.

БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРДҮН МАЙРАМЫ ЖАНА ЖАРДАМЫ

Ысык Көл облусунун Балыкчы шаарынын Л.Толстой атындагы №1 мектеп-гимназиясынын бүтүрүүчүсү Юрий  Викторович  Шефлер 1984-жылкы мектептин бүтүрүүчүлөрүнүн  атынан «Большая перемена» деген аталышта коомдук-кайрымдуулук фонд түзүп, мектепке каржылык жактан чоң жардамдарды көрсөтүп келет. Аталган фонддун мектепке жасаган жардамдарын учурдагы мектеп директору  Айжамал Сакыбаева айтып берди.

— Биздин мектепти бүтүргөн сыймыктуу бүтүрүүчүбүз бар. Өзү учурда Орусияда жашаса да, мектеп үчүн эбегейсиз чоң жардамын берип келет. 2017-жылы  мектептин ашканасын заманбап технологиялар менен жабдып, окуучулар үчүн  ыңгайлуу  эмеректер жана тамак-аш даярдоо үчүн жаңы идиштер менен камсыз кылган. Ага 5 млн 898 миң сом каражат которгон.  2018-жылы  башталгыч класстын окуучулары үчүн атайын гимнастикалык зал салынып, мектептин 10 окуу кабинети капиталдык  оңдоп- түзөөдөн өтүп, заманбап эмеректер  менен жабдылды. Буга болжолдуу 17 млн сомдон ашыгыраак каражат сарпталды.    2019-жылы мектептин айланасын жашылдандыруу, көрктөндүрүү боюнча иштер жүргүзүлүп, ак кайың, балаты өңдүү атайын декоративдүү бак-дарактар алынып келинип, отургузулду.   2021-жылы информатика окуу кабинеттери жаңы техникалык окуу жабдыктары менен  жабдылып,  эмерек жана компьютерлер сатылып алынды.   Азыркы учурда заманбап, стандартка туура келген спортзал салынып жатат. 2023-2024-жаңы окуу жылына карата толук кандуу бүтүп, ишке берилиши күтүлүүдө. Бул курулуш ишине 25 млн сом бөлүнгөн. Ушул жогоруда айтып өткөн иштердин баары бүтүрүүчүбүз Юрий  Викторович  Шефлердин «Большая перемена» фонду тарабынан каржыланды,- дейт директор.

Өзү орус улутунан болуп, учурда башка өлкөдө жашаса да, бир кезде билим берген билим уясын унутта калтырбай, ар жыл сайын миллиондогон жардамын берип келген Юрий Шефлер башкаларга үлгү боло турчу адам экени талашсыз. Ал мектепке кылып жаткан жардамы менен дагы канчалаган келечектин миллиардерлери, окумуштуулары, генийлери чыгышына салым кошуп, мыкты шарттарды түзүп жатат. Бул мактоого алаарлык иш.  Албетте, качандыр бир кезде дал ушул мектеп ага туура багыт көргөзүп, жетиштүү билимин бере алганы үчүн атактуу бизнесменге айланып, бийик ийгиликтерди багынтып жаткандыр.

Фархат КАНЫБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер