Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИ

  • 08.07.2021
  • 0
Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИНЕ КУШ КЕЛИҢИЗДЕР!

Кочкор-Ата колледжи 1981-жылы Кочкор-Ата электрондук приборлор техникуму болуп уюшулуп, 1993-жылы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин курамына кирген, ал эми 2008-жылдын декабрь айынан баштап Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен Кочкор- Ата колледжи болуп аты өзгөртүлдү. Биздин колледж орто жана жогорку кесиптик билим берүүчү мамлекеттик окуу жай деп эсептелинет. Азыркы учурда бул окуу жайда, төрт бөлүм, 56 инженердик-окутуучулар курамы эмгектенет, анын ичинде: эки илимдин кандидаты, 16 билим берүүнүн мыктысы, үч ага окутуучу, 35 окутуучу, үч окутуучу «Кыргызнефтегаз» ачык акционердик коомунан келип сабак өтөт. Окутуучулар курамы талапка толук жооп берет. Азыркы мезгилде Кочкор-Ата колледжинде – 1000ден ашык студент билим алып жатат.

Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИ

Бизде студенттер үчүн төмөндөгүдөй шарттар түзүлгөн:

— Ар түрдүү спорт секциялары жана көркөм чыгармачылык ийримдер;

— Интернетке туташкан эки компьютердик класс, акысыз Wi-Fi жана маалымат борбору;

— Электрондук библиотека;

— Лингафондук класс;

— 120 орундуу актовый зал жана илимий конференция өткөрүү үчүн салтанаттуу жыйындар залы;

-Толук жабдуулары менен 12 окуу лабораториялык кабинет;

— 14 миңден ашык китепби бар китепкана жана окуу залы;

— Спорттук зал, стадион, заманбап футболдук аянтча.

Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИ

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ МЕНЕН №LC140000098 16.07.2018-ж. ЛИЦЕНЗИЯНЫН НЕГИЗИНДЕ ТӨМӨНКҮ БАГЫТТАР ЖАНА АДИСТИКТЕР БОЮНЧА КАБЫЛ АЛУУНУ ЖҮРГҮЗӨТ:

  1. Экономика жана башкаруу 080110 «Экономика жана бухгалтердик эсеп»(тармактар боюнча); — контракттык негизде;
  2. Технологиялык машиналар жана жабдуулар 190604 «Автомобиль транспортторун оңдоо жана аларды техникалык жактан тейлөө» — контракттык негизде;
  3. Технологиялык машиналар жана жабдуулар 190603 «Транспорттордун электр жабдыктарын жана автоматикасын тейлөө» (транспорттук түрлөрү боюнча) — контракттык негизде;
  4. Нефтегаз иштери 130503 «Мунайзат жана газ кендерин ишке киргизүү жана иштетүү» — бюджеттик жана контракттык негизде;
  5. Нефтегаз иштери 130504 «Мунайзат жана газ кендерин бургулоо» — контракттык негизде;
  6. Нефтегаз иштери 240404 «Нефтини жана газды кайра иштетүү» — контракттык негизде;
  7. Билим берүү 050709 «Башталгыч класстардын мугалими» — бюджеттик жана контракттык негизде;
  8. Билим берүү 050704 «Мектепке чейинки билим берүү» — контракттык негизде;
  9. Информатика жана эсептөө техникасы 220206 «Башкаруунун жана маалымдоонун автоматташтырылган системасы» — бюджеттик жана контракттык негизде.

ОКУУ МӨӨНӨТҮ:

Күндүзгү окуу:

— 9-класстын базасында – 2 жыл 10 ай;

— 11-класстын базасында – 1 жыл 10 ай;

Сырттан окуу:

— 11-класстын базасында – 2 жыл 6 ай.

Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИ

КОЛЛЕДЖГЕ ОКУУГА ТАПШЫРУУ ҮЧҮН ТӨМӨНДӨГҮДӨЙ ДОКУМЕНТТЕР ТАЛАП КЫЛЫНАТ:

  1. Директордун наамына жазылган арыз;
  2. Орто билим жөнүндө аттестат же толук эмес орто билим жөнүндө күбөлүк, же алган билими тууралуу диплом тиркемеси менен;
  3. 3х4 өлчөмүндөгү 6 даана сүрөт;
  4. Скоросшиватель жана конверт.
  5. Паспорт же туулгандыгы жөнүндөгү күбөлүктүн көчүрмөсү

 

БИЗДИН ДАРЕК:

Жалал-Абад обл., Ноокен р-ну, Кочкор-Ата ш., Транспортная к.5,

Телефондору: (03734) 5-31-35, 5-34-68, 0554010071

Электрондук почта: [email protected]

Бөлүшүү

Комментарийлер