Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИ

  • 01.04.2022
  • 0

Окуу жайдын миссиясы:

Глобалдуу атаандаштыкка жөндөмдүү, илимий жана кесиптик потенциалга ээ болгон, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө теориялык жана практикалык салымын кошуучу кесипкөй адистерди даярдоо.

Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИ

Учурда жаңы технологиялар менен билим алууга чоң мүмкүнчүлүгү бар, тренажёрдук зал, жол эрежелери боюнча окуу каанасы менен Автомобилдерди техникалык жактан тейлөө жана оңдоо адистиги боюнча билим алууга сизде жакшы мүмкүнчүлүк бар.

Бул адистикке бюджеттик жана контракттык негизде окуй аласыздар.

Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо адистиги боюнча билим алууда заманбап үлгүдө жасалгаланган окуу кааналары, унаалардын бардык маркаларын оңдоп жана тейлөөдө, электрдик бөлүктөрүн аныктоодо толук билимге, тажрыйбага ээ болуу шарты дайын, Кочкор-Ата колледжи сиздерди билим алууга чакырат.

Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИ

Төмөнкү адистиктер боюнча 2022-2023-окуу жылына 9, 11-класстардын базасында талапкерлерди кабыл алат:

— 050709. Башталгыч класстарда окутуу (бюджет, контракт)

— 050704. Мектепке чейинки билим берүү (контракт)

— 130305. Мунай жана газ кендерин иштеп чыгуу жана эксплуатациялоо (бюджет, контракт)

— 130504. Мунай жана газ скважиналарын бургулоо (контракт)

— 240404. Мунай менен газды кайра иштетүү (контракт)

— 080110. Экономика жана бухгалтердик эсеп (контракт)

— 190503. Транспорттук электр жабдууларын жана автоматикасын эксплуатациялоо (контракт)

— 190604. Автомобиль транспортун техникалык тейлөө жана оңдоо (контракт)

— 220206. Маалыматтарды иштеп чыгуунун автоматташтырылган системалары жана башкаруу (бюджет, контракт)

Экономика жана бухгалтердик эсеп адистиги боюнча билим алуу менен эле чектелбей, жумушка орношуу жагы да сиздер үчүн колго алынган. Анткени КАК өз бүтүрүүчүлөрүн иш берүүчү тараптар менен бирге келишимдер менен иш алып барат.Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИНИН КОЧКОР-АТА КОЛЛЕДЖИ

Колледжди ийгиликтүү аяктаган бүтүрүүчүлөр мамлекеттик үлгүдөгү диплом алышат жана жогорку окуу жайына 2-курстан улантууга мүмкүнчүлүк алат.

Биздин дарек: Ноокен району, Кочкор-Ата шаары, Транспорт көчөсү, 5

Эл.дарек https://kak.edu.kg/                    Эл.почта [email protected]

Тел.: 03734 5-31-35, 0554010071

Бөлүшүү

Комментарийлер