БӨЛҮКЧӨЛӨР. БӨЛҮКЧӨЛӨРДҮН МААНИСИНЕ КАРАЙ БӨЛҮНҮШҮ
- 19.05.2020
- 0
Нарын районундагы Актан Тыныбек атындагы орто мектептин кыргыз тили жана адабияты мугалими Бектемирова Кенжегүлдүн бул видеосабагы окуучуларга бөлүкчөлөр жана алардын бөлүнүшү тууралуу маалымат берүүнү көздөйт.
Сабактын башталышында мугалим окуучулар менен саламдашып, аларды бүгүнкү сабактын максаттары менен тааныштырат.
Мугалим жаңы темадагы бөлүкчөлөр кызматчы сөздөргө кирерин эске салып, кыргыз тилинде бөлүкчөлөрдүн сегиз түрү бар экенин айтып, ар бирине таасын мисалдар аркылуу кыска-нуска токтолот.
Окуучулар жаңы теманы бышыктоого китептен мисалдарды аткарышат.
Сабак жыйынтыкталып, окуучуларга үйгө тапшырма берилет.
А.Алибеков, «Кут билим»
Бөлүшүү
Комментарийлер