Б.КУПЕШЕВ: “МУГАЛИМДЕР КООМДОГУ ЭҢ АЛДЫҢКЫ АДАМДАР ЭКЕНДИГИН ЭСИБИЗДЕН ЧЫГАРБАЙЛЫ”

  • 16.11.2021
  • 0

КР Билим берүү жана илим министри Б. Купешевдин мугалимдер журту менен кезектеги жолугушуусу Ысык-Ата районунда өттү. Ал райондогу мектеп директорлору менен жылуу учурашып, бүгүнкү күндөгү эң көйгөйлүү маселени – сапаттуу билим менен сапаттуу тарбия берүү маселесин биргелешип талкуулоо үчүн жолугушууга атайын келгенин айтты.

Б.КУПЕШЕВ: “МУГАЛИМДЕР КООМДОГУ ЭҢ АЛДЫҢКЫ АДАМДАР ЭКЕНДИГИН ЭСИБИЗДЕН ЧЫГАРБАЙЛЫ”

Суроо-жооп өңүтүндө өткөн жолугушууда мектеп директорлору көңүл өйүгөн суроолорун ортого салышты. Чыгып сүйлөгөн жетекчилер мектептердин тартыштыгы, узак убакыт курулушу аяктабай турган мектеп имараттары, педагогикалык кадрлардын жетишсиздиги, айрыкча, техникалык кызматчыларга төлөнгөн акчанын аздыгынан алардын жетишпей жаткандыгы ж.б. маселелерди талкуулашты.

Министр мырза ырасында эле узак мөөнөттөн бери курулушу токтоп турган имараттар өтө көп экендигин, бирок көп жылдар бою чатыры жабылбаган бойдон тура берип, жараксыз болуп калган имараттарды аяктагандан көрө жаңы мектеп куруу керектигин баса белгилеп, мектеп курулушуна инвесторлор активдүү тартылып, жалпы эле республика боюнча жаңы мектеп имараттарын, ылайыгы келсе, кошумча имараттарды куруу иштери жандана баштагандыгын кошумчалады. Ал эми педагогикалык кадрлардын тартыштыгын жоюу боюнча алсак, ар бир жогорку окуу жайда методикалык борборлорду ачуу маселеси чечилип жаткандыгын, облус борборлорундагы педагогикалык жождордун акыркы курстарында окуган студенттерди практикага жигердүү тартып иштетүү зарылдыгын белгиледи.

— Региондордогу педагогикалык институттар мугалим адистер менен камсыздоодо жакындан жардамчы болууга тийиш. Адистерди ишке тартуу үчүн албетте, эң биринчи алардын маянасы жакшы болушу керек. Агартуучулар коомдогу эң алдыңкы адамдар. Сиздер да өзүңүздөрдү ошого татыктуу алып жүрүүгө милдеттүүсүздөр. Анткени коом сиздерге карап түздөнөт. Президентибиз Садыр Жапаров мугалимдердин жана дарыгерлердин статусу жана айлык эмгек акыларын жогорулатуу чараларын көрүп жатканын билесиздер, андыктан жакынкы келечекте айрыкча мектеп директорлору жана жогоруда сиздер айткан тейлөөчү кенже кызматчылардын маяналары көрүнөөрлүк көбөйүшү күтүлүүдө” – деди Б.Купешев.

Мектеп директорлору жолугушууда окуу китептеринин сапатынын начарлыгын, айрыкча аны даярдоодо оркойгон каталар орун алып жаткандыгын жана ошондой эле мектептеги камкорчулар кеңешинин милдетин кайра карап чыгуу, окуучулардын билим деңгээлин аныктаган “Алтын тамганын” статусун өзгөртүү зарылдыгын айтышты. Алар жалаң бешке аяктаган окуучулардын эмгеги акталбай, эч кандай жеңилдиктерге ээ болбогондуктан, балдардын окууга кызыгуулары азайып баратат деп эсептешет.

Б.КУПЕШЕВ: “МУГАЛИМДЕР КООМДОГУ ЭҢ АЛДЫҢКЫ АДАМДАР ЭКЕНДИГИН ЭСИБИЗДЕН ЧЫГАРБАЙЛЫ”

Б.Купешев өз сөзүндө окуу китептеринин өз мекенибизде жарык көрүүсүн камсыздоо үчүн союз учурунда окуучулардын окуу китептерин басып чыгарган “Китеп” басмаканасын жандандырып, ишке киргизүү маселеси чечилип жаткандыгын айтып, ал эми алтын тамганын статусу жана башка ортого салынган ой-сунуштар кезек-кезеги менен четинен четтетилерин убадалады.

Айнагүл Кашыбаева,

Ысык-Ата району.

Бөлүшүү

Комментарийлер