Б.КУПЕШЕВ: “ЧҮЙ УНИВЕРСИТЕТИ ЗАМАНДАН АРТТА КАЛБАЙ ӨНҮГҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ”

  • 02.12.2021
  • 0

2-декабрда Султан Мамбеткалиев атындагы Чүй университетинде билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдин катышуусунда жогорку кесиптик билим берүү боюнча актуалдуу маселелер, университет тарабынан иштелип чыккан 2021-2025-жылдарга мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү программасы талкууланды.

Б.КУПЕШЕВ: “ЧҮЙ УНИВЕРСИТЕТИ ЗАМАНДАН АРТТА КАЛБАЙ ӨНҮГҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ”Кыргыз Республикасынын  эл мугалими Султан Мамбеткалиев негиздеген Чүй университети мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана билим берүү сапатын жогорулатуу максатында атайын программа иштеп чыккан. 90-жылдары Султан Мамбеткалиев мамлекеттик тилди тез үйрөтүү методикасын алгачкылардан болуп баштап, бул ыкма бүгүнкү күнгө чейин Чүй университетинде жана башка жогорку окуу жайларында жайылтылып келет. Султан Мамбеткалиевичтин көзү тирүү болгондо келе жаткан жылы  80 жашка чыкмак. Ал негиздеген окуу жай Султан агай баштаган көчтү улап, мамлекеттик  тилди  өнүктүрүүгө салым кошуу максатын көздөп келет.

Учурда республикада кыргыз тили мугалими жетишпеген мектептер бар экенине токтолгон  билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев 30 жылдан бери чечилбей келе жаткан тил маселесин чечүүгө, кыргыз тилдүү адистерди, кыргыз тили мугалимдерин даярдоодо бул университеттин да  кошкон салымы зор болооруна ишеним артаарын баса белгиледи.

  • Сиздердин окуу жай Султан агайдын таштап кеткен мурасын аздектеп алат деп ишенем. Университет санариптештирүүдөн артта калбай, кандай багытта болбосун алдыга кадам шилтейт деген терең ишенимдемин. Албетте, азыр балдарды кыргызча сүйлөтө албай жатканда окуу жай көтөрүп жаткан маселе абдан орчундуу. Кечээ Бишкектеги 23-мектепке барып, эки сабагына катыштык. Немис тилинен берген мугалим 3-класска, кеминде отуз балага сабакты толугу менен немис тилинде өттү. Немисче кадимки азыркы биз силер менен сүйлөшүп жаткандай эле балдар менен баарлашып жатат. 4-класска өтүлгөн математика сабагы да немис тилинде болду. Бул мектепте 1-класстан 11-класска чейин айрым сабактар немисче окутулат экен.  Ошол жердеги орус улутундагы бир мугалим менден эмне үчүн ушул эле балдар кыргызча билбей жатышат деп сурады. Ошондон кийин ушул мектептин тил үйрөтүү ыкмасын башка мектептерге жайылталык деп чечтик. Чындыкты айтышыбыз керек, балдарды кыргызча сүйлөтө албай жатабыз. Отуз  жылдан бери эле тилди өнүктүрүшүбүз керек, акча бөлүнүш керек деп айтылып келатканы болбосо, иш алдыга жылбай жатат, — деди өз сөзүндө Б.Купешев.

Б.КУПЕШЕВ: “ЧҮЙ УНИВЕРСИТЕТИ ЗАМАНДАН АРТТА КАЛБАЙ ӨНҮГҮҮГӨ МИЛДЕТТҮҮ”

Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Калысбек Шадыханов тил үйрөтүүдө болобу, адис даярдоодо болобу бардык билим берүү деңгээлиндеги окуу жайлар биргелешип иш алып барышы керектигине токтолуп, өзгөчө жеке менчик мекемелер бул жаатта өз күчүн, деңгээлин көрсөтүү керектигин баса белгиледи.

  • Кандай окуу жай болбосун Кыргызстандын балдарын, жаштарын тарбиялап жатышат. Ар бир университеттин өзүнүн орду бар. Токсонунчу жылдары кыйын кезде ачылган мындай менчик окуу жайлар  алдыңкы сапка чыгууга милдеттүү. Себеби  чет мамлекеттерде жеке менчик окуу жайлар  мамлекеттик окуу жайларга караганда алда канча алдыга кеткен. Бул университетти дагы ошондой деңгээлге жетишет деген изги тилек бар, — дейт Калысбек Токтосунович.

Султан Мамбеткалиевдин көзү өтүп кеткенден кийин Чүй университети ар тараптан кысымга алынып, бир катар мекемелерин тарттырып, бир катар филиалдары менен колледждерин жабууга аргасыз кылган учурду эске салган университеттин экономика жана финансы кафедрасынын башчысы Кубат Мусаев министрден окуу жайдын бутуна турушуна жардам берүүсүн өтүндү.

Эмгек жамааттын өтүнүчүн кабыл алганын билдирген Болотбек Купешев ортодон жабылып, жакындан бери эле кайрадан ачылып, өнүгүүгө жаңы кадам таштай баштаган окуу жайды ар тараптан колдоо керектигин, ага министрлик дагы кызыктар экенин, айтып, эмгек жамаатты ынтымактуу, биргелешип иштөөгө чакырды.

Чолпон Кийизбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер