Б. КУПЕШЕВ: “БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ ИНВЕСТИЦИЯЛАРДЫН БАСЫМДУУ БӨЛҮГҮ АЙЫЛ ЖЕРГЕСИНДЕГИ КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЧЕЧҮҮГӨ БАГЫТТАЛАТ”

  • 11.06.2021
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү тармагына келип жаткан бардык инвестицияларды кайра карап чыгып, алардын басымдуу бөлүгүн айыл жергесиндеги билим берүү уюмдарынын көйгөйлөрүн чечүүгө багыттайт. Бул тууралуу министр Болотбек Купешев 9-июнда Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Суусамыр өрөөнүндөгү мектептерде педагогикалык жамаат менен жолукканда билдирди.

Б. КУПЕШЕВ: “БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ ИНВЕСТИЦИЯЛАРДЫН БАСЫМДУУ БӨЛҮГҮ АЙЫЛ ЖЕРГЕСИНДЕГИ КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЧЕЧҮҮГӨ БАГЫТТАЛАТ”

Белгилей кетсек, министр ушул жылдын май айынын ортосунан бери өлкө аймактарын кыдырууда. Иш сапарынын максаты – республикадагы билим берүү уюмдарынын абалы менен жеринен таанышуу, педагогикалык жамаат менен жолугуу, көйгөйлүү маселелерди жеринен чечүүгө көмөктөшүү, министрлик тарабынан кыска мөөнөттө аткарылчу иштерди жана милдеттерди аныктоо.

Б. КУПЕШЕВ: “БИЛИМ БЕРҮҮ ЖААТЫНДАГЫ ИНВЕСТИЦИЯЛАРДЫН БАСЫМДУУ БӨЛҮГҮ АЙЫЛ ЖЕРГЕСИНДЕГИ КӨЙГӨЙЛӨРДҮ ЧЕЧҮҮГӨ БАГЫТТАЛАТ”

Жолугушууларда директорлор Суусамыр өрөөнүндөгү мектептерде компьютерлер, англис тили мугалими, мектеп эмеректери жетишсиз экенин айтып, ушул маселелерди жакын арада чечип берүүнү суранышты. Өз кезегинде министр бул маселелер жаңы окуу жылы башталганга чейин чечилерин убада кылды. Ошону менен бирге ал климаттык шарты катаал өрөөндө жашап, келечек муунга татыктуу билим берип жатышканы үчүн мугалимдерге ыраазычылык билдирди.

КР БИМдин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер