БҮГҮН ЖОЖдорго КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУНУН БИРИНЧИ ТУРУНА КАТТОО БАШТАЛДЫ

  • 26.12.2022
  • 0

Быйыл биринчи жолу жогорку окуу жайларына кышкы кабыл алуу жүрүүдө.

БҮГҮН ЖОЖдорго КЫШКЫ КАБЫЛ АЛУУНУН БИРИНЧИ ТУРУНА КАТТОО БАШТАЛДЫ

2022-2023-окуу жылына карата тандоого катышуу үчүн 26-декабрдан 28-декабрга чейин биринчи турга каттоо жүргүзүлөт.

26-декабрга карата 37 жогорку окуу жайы абитуриенттерди кабыл алуу багыттары жана пландары жөнүндө маалыматтарды жарыялады — https://2020.edu.gov.kg/universities

Биринчи турга каттоо башталгандан 2,5 сааттын ичинде 41 талонго арыз түшүп, эң көп сандагы талондор Ж. Баласагына атындагы Кыргыз улуттук университетинде, И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде жана Ош мамлекеттик университетинде катталды.

“Абитуриент онлайн” маалымат системасынын маалыматтары боюнча Ош мамлекеттик университети “Экономика” адистиги боюнча күндүзгү жана сырттан окуу формасына, “Педагогика” боюнча сырттан окуу формасына 700дөн адамды, “Табигый-илимий билим берүү” жана “Юриспруденция” боюнча (сырттан окуу) 500дөн адамды кабыл алууну жарыялады.

ЖОЖдорго кышкы кабыл алуунун төрт туру жөнүндө кененирээк маалыматты  https://edu.gov.kg/posts/1188/  сайтынан таба аласыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер