БҮГҮН БАЛА БАКЧАГА ЭЛЕКТРОНДУК КАБЫЛ АЛУУ БАШТАЛДЫ. КАНТИП АРЫЗ БЕРҮҮ КЕРЕК?

  • 11.04.2022
  • 0

Ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр үчүн баланы бала бакчага кабыл алуу тууралуу арыз берүүнүн кадамдык нускамасы. Бул нускама «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында электрондук комплекттɵɵ жɵнүндɵ» жобого ылайык иштелип чыкты.

Кантип арыз берүү керек?

Арыз берүү үчүн төмөнкү маалыматтарды ырааты менен толтуруңуз: 

  1. Баланын кимиси экениңизди көрсөтүңүз?
  • Атасы;
  • Апасы;
  • Мыйзамдуу өкүлү (бул пунктту тандаганда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).

 

  1. Баланын ата-энеси/мыйзамдуу өкүлү тууралуу маалыматтар:
  • Жарандыгы;
  • Жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, паспорттук маалыматтары (сериясы, номери);
  • Уюлдук телефон номери;
  • (Логин жана пароль келе турган) негизги электрондук почтасы;
  • Кошумча электрондук почтасы (Электрондук почталар каттоо жазуусун калыбына келтирүү үчүн зарыл);
  • Жеңилдик бар/жок (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).

 

  1. Бала тууралуу маалыматтар:
  • Баланын жеке идентификациялык номери (ЖИН), аты-жөнү, туулган күнү, жынысы;
  • Туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн сериясы, номери;
  • Балага билим алуу үчүн жеңилдик бар/жок (бул пунктту тандаган учурда тийиштүү документти тиркөө талап кылынат).

 

  1. Бала бакчаны тандоо:
  • Эңсеген окутуу тили;
  • Арыз берүүчү каалаган бала бакчаны тандай алат.

 

  1. Арыз берерден мурда толтурулган маалыматтарды карап чыгуу:
  • Арыз берерден мурда арызда толтурулган маалыматтардын тууралыгын текшерүү талап кылынат.
  • Арызыңыз тастыкталгандан кийин сиздин электрондук почталарыңызга мектепке чейинки билим берүү уюмуна (бала бакчага) кабыл алуу үчүн арыз ийгиликтүү берилгендиги тууралуу билдирме жөнөтүлөт.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер