БӨБӨКТӨРДҮН ТАМАГЫН КИМ КАРЖЫЛАЙТ?

  • 08.04.2024
  • 0

Бала бакчаларда балдардын ысык тамагын каржылоо милдети кайра мамлекетке жүктөлдү. Эл өкүлдөрү бул тууралуу мыйзам долбоорун экинчи окууда талкуусуз кабыл алды.

Эскерте кетсек, былтыр 11-августта кабыл алынган “Билим берүү жөнүндөгү” мыйзамына бала бакчаларда тамактанууну уюштуруу ата-энелердин эсебинен жүзөгө ашырылат деген норма киргизилген. Мындай сунуш коомчулукта кызуу талкууга алынып нааразычылыктарды жараткандыктан, депутаттар мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү карап жаткан эле.

Эми бала бакчалардагы тамак-аш толугу менен мамлекеттик казынадан каржыланат.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер