БӨБӨКТӨРДҮ БАЛА БАКЧАГА ТАРТУУ 55% ЧЫГАТ

  • 23.08.2022
  • 0

Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмаз Бейшеналиев 23-августта өткөн педагогдордун Август конференциясында билдирди.

Жаш курагы мектеп жашына жете элек балдарды мектепке чейинки билим берүү мекемелери менен камсыздоо өлкө боюнча 22% гана түзөт, бирок бүгүнкү күндө ар кандай методдорду колдонуу менен бул көрсөткүч 35%га чейин өскөн. Министрлик Дүйнөлүк Банктын колдоосу менен жүрүп жаткан программанын алкагында жакынкы арада 500 мектепке чейинки кыска мөөнөттүү билим берүү борборлорун ачуу, кошумча ресурстарды пайдалануу жана мыйзам чегиндеги бир катар жеңилдиктерди берүү аркылуу балдарды бала бакчалар менен камсыздоону 55%га чыгарабыз деген ишенимде.

— Тилекке каршы, Кыргызстандын эгемендикке ээ болгон 30 жылдык тарыхында мектепке чейинки билим берүүнүн контенттик мазмуну иштелип чыккан эмес. Биздин бала бакчалардын мазмундук контенти бала бакчалардагы педагогдордун, жетекчиликтин түшүнүгү канчалык болсо, кандай дидактикалык материалга ээ болсо, ошол менен гана чектелип келген. Бүгүнтөн тартып министрликте бирдиктүү эрте өнүгүү тууралуу контенттин мазмунун түзүү иш-чаралары башталмакчы. Ошого байланыштуу авторлорду, жалпы коомчулукту, эл аралык коомдорду бул багытта активдүү иштешүүгө чакырамын, — деди министр конференцияда сүйлөгөн сөзүндө.

А.Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер