БӨБӨКТӨР АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ

  • 22.02.2022
  • 0

Бишкек шаарындагы №22 бала бакчада 23-февраль – Ата мекенди коргоо күнүнө карата “Атам жана мен” деген сынак болуп өттү. Анда тайпадагы балдар аталары менен атайын даярдалган оюндарга катышып, күч сынашты.

“Мурдагы сынактарда биз көбүнчө “Достук жеңди” деп, эки жакты тең бирдей баалап койчубуз, бул жолу сынак болгондон кийин аны сынактай өткөрөлү деп чечтик” деген бала бакчанын башчысы Индира Дууланова, сынакты калыс баалай турган бейтарап адамдарды атайын чакырганын айтты.

БӨБӨКТӨР АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ

Айткандай эле сынак деген сынак да, анын жеңүүчүсү сөзсүз болушу керек. Сынактын жүрүшүндө муну балдар жакшы түшүнөөрүн алардын кызуу сүрөөнгө алган колдоосунан улам баамдадык. “Моряктар”, “Учкучтар”, “Ата мекен” деген топторго бөлүнгөн балдар аталары менен ар бир оюндун шартын так, шамдагай аткарууга далалаттанып жатышты. Аларды бала бакчадагы күйөрмандар, б.а. өздөрүнүн тайпаларындагы кыздар ыр-бийлери менен коштоп шаңга бөлөп турушту.

БӨБӨКТӨР АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ

Майрамдын дагы бир бөлүгү Ленин райондук ички иштер бөлүмүнөн келген офицерлердин катышуусунда өттү. Алар балдарга жоокер кандай болушу керектигин, командаларды кандай аткарып, кандай даярдыктардан өтүүгө тийиш экендигин айтып беришти. Ал эми алардын командири чыныгы куралды көргөзүп, аны кандай учурда колдонуунун сырын ачты. Ал ортодо “Мылтыкты эч качан адамга мээлебеш керек” деп, нускама да берип кетти. Болочок жоокерлер куралды жакындан гана көрбөстөн, өз колдору менен кармалаганга жетишти. Мындай сабактан кийин балдардын деми көпкө басылган жок. Балдардын теңинен көбү келечекте эли-жерин коргогон солдат болуу чечимин кабыл алганга да үлгүрүштү.

БӨБӨКТӨР АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ

Мен калыстар тобунун мүчөсү болгон соң, баарына калыс карап отурганга аракеттендим. Бирок чын сырымды айтсам, жүздөрү албырып, көздөрү бакырайып, үнүнүн болушунча “бакырып” чын дилинен күйүп-бышып ойноп жаткан бөбөктөрдүн арасынан чабалыраагын табуу кыйынга турду. Баардыгы бир команда, бир дем жана ынтымактуулук менен тапшырмаларды берилип аткарып жатышты. Анан кантип жогорку упай койбойсуң?!

Бирок мен башында белгилеп кеткендей, сынактын өз шарты бар эмеспи, жети бала жана атасы менен бир команданы түзгөн топтордун арасынан жеңүүчүлөр аныкталган соң, белектер тапшырылды. Жигердүү катышкан балдар дипломдор менен сыйланышты.

БӨБӨКТӨР АТА МЕКЕНДИ КОРГОО КҮНҮН БЕЛГИЛЕШТИ

Сынактын калыстар тобунун мүчөсү, баш калаабыздагы Ленин райондук билим берүү борборунда жетектөөчү адиси Калбүбү Иманкулова өз ою менен бөлүштү.

— Мындай иш-чаралар ар жылы 23-февралга карата атайын өткөрүлүп келет. Бүгүнкү сынак жакшы уюшкандыкта өттү. Аталар катышкан ушундай сынактардын мааниси аябай терең деп ойлойм. Анткени ата-эне дайыма балдары менен тыгыз байланышта болушу керек. Азыр тилекке каршы көпчүлүк ата-энелер үй-бүлө багуу максатында балдарынан алыс жүрүшөт. Жанында жүргөндө деле ата-энелер, айрыкча аталар күнүмдүк көр-тирликтен бошобой, балдарына тиешелүү деңгээлде убакыт бөлө алышпайт. Бул сынактын жүрүшүндө балдар аталары менен бирдикте бардык кыйынчылыктарды, сынактарды жеңе алышаарына ишеним жаралды десек болот, — деди.

 

Айнагүл Кашыбаева,
“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер