АЗЫРКЫНЫН ДҮЙШӨНҮ КАРА-КӨЛДӨ

  • 12.01.2021
  • 0
АЗЫРКЫНЫН ДҮЙШӨНҮ КАРА-КӨЛДӨ

Дүйнөлүк «Лидер педагог -2019» сынагынын жеңүүчүсү, Назарбаев университетинин профессору
Дүйшөн Шаматов жакында Кара-Көл шаарынын агартуучулары менен жолугуп, мектеп, тарбия жаатындагы алдыңкы ойлору менен бөлүштү.

Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн демилгеси менен уюштурулган бул иш-чара эки саатка созулуп, мында келгендердин баамында  эң бир пайдалуу жолугушуу болду. Казакстандын борбору Нур-Султан шаарындагы  Назарбаев университетинин профессору, кыргызстандык аалым, ОшМУнун сыймыктуу бүтүрүүчүсү, Кара-Суу районунун кулуну Дүйшөн Шаматов энергетиктер шаарчасынын мугалимдерине
«Жаш мугалимди кантип мектепке тартабыз?», «Мугалимдин статусун кантип көтөрөбүз?» деген темада семинар өтүп, чыгаан  мугалим болуунун жолдорун ачыктап, «Жаш, билимдүү, күчтүү адистерди кантип мектепке алып калуу керек?», «Кантип мугалимдин статусун жогорулата алабыз?», «Канткенде ата-эне балдары үчүн сизди тандайт?» деген суроолордун сырларын ачты.

-Эгер сиздер өтө күчтүү, дареметтүү жаш мугалимди байкасаңыздар,  аны өз мектебиңиздерден кетирбей алып калууга аракет жасаңыздар, себеби ал жигердүү жаштыгы, ишке болгон чыгармачыл мамилеси жана педагогикалык изденүүсү аркылуу мектептеги жалпы атмосфераны өзгөртүүгө кудуреттүү.  Мындай мугалим жогору жактарга арыз-муңун айтып олтурбастан, кесиптик жактан өзүн-өзү көтөрүүнүн маанисин жана жол-жобосун жакшы билет, — деди ал өз сөзүндө.

АЗЫРКЫНЫН ДҮЙШӨНҮ КАРА-КӨЛДӨ

Профессор Дүйшөн Шаматовдун пикиринде мугалим өзүнүн статусун көтөрүүнүн үстүндө иштеш үчүн төмөнкү критерийлерди билиши керек:
1. Мугалим мектепте жетишкендиктерин көрсөтө алса;
2. Мугалим өзү ушул кесипке татыктуу болсо;
3. Ар кандай интерактивдүү методдорду колдоно билсе;
4. Окуучуларды талдай алса;
5. Мугалимдик кесипти көтөрө алса;
6. Окуучулары менен мамиле түзө билсе;
7. Ар кандай улуттагы, ар кандай диний көз караштагы балдарга адамзаттын баалуулуктарын үйрөтө алса.

— Өз ишине карата ушундай критерийлерди иштеп чыккан мугалимди кайсыл ата-эне болбосун өз баласы үчүн тандайт. Мындай мугалимдин  статусу бийик, ал мыкты мугалим! — дейт Дүйшөн агай.

Профессор Шаматовдун сөзүнө караганда мугалим өзү окуткан окуучулар салам айтканда, «Менин окуучуларым!» деп сыймыктанат, демек мугалимдик кесип оор, түйшүктүү, ал акча менен эмес, мугалимдик статус менен бааланат.

— Биз, мугалимдер, ата-энеге акчаны көңүл ачуучу оюн-зоокко эмес, баласынын билим алуусуна коротконду үйрөтүшүбүз керек, ошондо гана билим бааланат, мугалимдин статусу жогорулайт, — деди Дүйшөн агай.

АЗЫРКЫНЫН ДҮЙШӨНҮ КАРА-КӨЛДӨ

Эсте каларлык жолугушууда кадырлуу конок семинардын катышуучуларынын суроолоруна жооп берди.

— Менин жеңишим бир эле менин эмес, мени окуткан мектептеги мугалимдердин, ОШМУнун, канадалык, пакистандык окутуучуларымдын жеңиши деп баалайм, — деп сөзүн бүтүрдү профессор Шаматов.

Жолугушуунун демилгечиси, Кара-Көл шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты А. Б. Мырзалиева жалпы катышуучулардын атынан кадырлуу конокко пайдалуу семинар үчүн өз ыраазычылыгын билдирди.

— Сизди биз  Айтматовдун Дүйшөнү эмес, азыркынын Дүйшөнү деп билебиз, анткени ак эмгегиңиз аркылуу эл аралык  «Лидер педагог -2019 » конкурсунун жеңүүчүсү болдуңуз,  бир нече чет тилде сүйлөп, чет жерде иштеп жүргөнүңүзгө карабай, эне -тилинде так, таамай сүйлөй алганыңыз, биз үчүн чоң үлгү болду. Бүгүнкү мазмундуу семинар үчүн жалпы мугалимдердин атынан ыраазычылык билдирем, — деди Алымкан Бопоновна.

А.Алибеков, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер