АЗЫРКЫ КЫЗ-КЕЛИНДЕР ПРОЗАСЫНЫН АЛДЫҢКЫ ӨКҮЛҮНӨ АРНАЛГАН КЕЧЕ

  • 18.10.2021
  • 0

16-октябрда «Социалдык китеп форумунун» алкагында К.Баялинов атындагы китепканада жазуучу Топчугүл Шайдуллаеванын чыгармачылыгына арналган кызыктуу талкуу болду.

АЗЫРКЫ КЫЗ-КЕЛИНДЕР ПРОЗАСЫНЫН АЛДЫҢКЫ ӨКҮЛҮНӨ АРНАЛГАН КЕЧЕ

Анда филология илимдеринин кандидаты Нурзат Казакова, соңку мезгилде адабий сынга жигердүү катышып келаткан Рахат Аманова автордун аңгемелери жөнүндө мазмундуу баяндамаларды жасашты.
Белгилүү акын, журналист Жыргалбек Касаболотовдун сереби кыйла ынанымдуу чыгыптыр. Ал өзү жактырган аңгемелерди белгилеп, ар биринин өзгөчөлүктөрү менен мүчүлүштүктөрүн көрсөттү.
Кинорежиссер Темир Бирназаров жазуучу жараткан сюжеттин негизинде көркөм тасма тартуу ниети бар экенин айтып, сценарийде бир катар айырмачылыктар болушу мүмкүн экендигин эскертти.
Адабиятчы Жолдош Турдубаев авторго чыгармачыл ийгилик тилеп, Мурза Гапаров өтө ыгы менен колдонгон диалектизмдерге көп кызыкпай, анын окурманды өзүнө тартып алган нукура лирикалуу, терең подтекст менен жазган чеберчилик сырларын үйрөнүүгө аракет кылууга чакырды.

— Мен үчүн айтылган бардык пикир абдан маанилүү жана баалуу. Талкууга катышып өз ойлорун ортого салган, суроолорун беришкен Болот Таштаналиев, Зинакан Кайыпова, Калича Жакыпова, Мээрим Сайдилкан, Мырзагүл Усеналиева, Махабат Алымбекова, Эрмек Шоруков, Максат Жангазиевге жана ысмы аталбай калган жана башка калемгерлердин баарына чоң рахмат! Ушул иш чараны уюштурган «Өнүгүү үчүн китептер» коомдук фондуна, Анара Молдошевага, Гүлнара Ибраевага терең таазим, ийгиликтерди каалаймын!
Иш-чараны баштан аяк тартып, чагылдырууга даярдап жаткан КТРКнын Маданият, тарых, тил каналынын шеф редактору Гүлмира Кулумбаевага жана каналдын журналисти Дастан Чыныбек уулуна көптөн-көп алкыш айтам, — деди Топчугүл Шайдуллаева адабий жыйындын соңунда.

А.Алибеков, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер