АЗЫРКЫ КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНЫН ОКУТУЛУШУ ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 25.10.2019
  • 0

Бүгүн Ишенаалы Арабаев атындагы КМУда жазуучулар менен илимпоздордун, мектеп мугалимдеринин, мектеп окуучуларынын, ЖОЖдордун окутуучуларынын, студенттердин, окуу китептердин авторлорунун ж.б. ортосунда азыркы адабияттын окутулушу боюнча кеңири талкуу болду.

АЗЫРКЫ КЫРГЫЗ АДАБИЯТЫНЫН ОКУТУЛУШУ ТАЛКУУЛАНДЫ

Анда азыркы мектеп программасы, андагы кемчиликтер, жаштардын китеп окууга болгон кызыгуусунун жоголушу, балдарды кызыктыра турган китептер тууралуу талкуу болду. Иш-чара салттуу көндүм форматта эмес, жаңы форматта, башкача айтканда, ток-шоу, дебат формасында өттү. Алгач катышуучулар алты дебаттык топко бөлүнүп ич ара жарышып, алардан суурулуп чыккан эки топ финалдык талкууга чыгышты. Ага ар кайсы муундун, ар кайсы тармактын өкүлдөрү катышып, жазуучулар менен окуу китептердин авторлору бет маңдай пикир алышышты. Эң негизгиси улуу муун мнен кичүү муундун ортосунда өз ойлорун кеңири айтышып, ортодо ачык талкуу болду.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер