“АЗЫР МУГАЛИМДЕРДИН КОЛУНАН ТЕЛЕФОН ТҮШПӨЙ, КОМПЬЮТЕР, НОУТБУГУН КУЧАКТАП УКТАП, КУЧАКТАП ОЙГОНУП ЖАТАТ”

  • 24.04.2020
  • 5

Учурда ар бир мугалим дараметине жараша сабак өтүп, дүбүрттөн артта калбоого аракет кылып жаткан кези. Алар аралыктан сабак өтүүнүн түрдүү ыкмаларын үйрөнүшүп, видеосабактарды даярдашып, окуучулары менен ар кандай программалар аркылуу байланышууда. Акырындап кайтарым байланышты дагы колго алышты.

“Кут Билим” газетасы менен тыгыз байланыштагы мугалимдер күнүгө тынбай түрдүү видеосабактарды жөнөтүшүп, тажрыйбалары менен да алмашып жатышат. Ошондой мугалимдердин сапбашында турган Ош шаарындагы Курманжан Датка лицейинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Тайыр кызы Нургүл биздин редакцияга кат жазыптыр. Анда жаш мугалим учурдагы кырдаалга карата ой-толгоолорун түшүрүп, аралыктан окутуудагы өзүнүн тажрыйбалары менен бөлүшүптүр. Андан сырткары аралыктан окутууну жакшыртуу үчүн өзүнүн сунуштарын дагы тизмектеген. 

“АЗЫР МУГАЛИМДЕРДИН КОЛУНАН ТЕЛЕФОН ТҮШПӨЙ, КОМПЬЮТЕР, НОУТБУГУН КУЧАКТАП УКТАП, КУЧАКТАП ОЙГОНУП ЖАТАТ”

Муктаждык, зарылчылык — ташты да талкан кылат

Өлкөбүздө бүтүндөй дистанттык окуу кызуу жүрүп жаткан убак. Мурун ата-энелер телефонуңду коюп сабак оку дешчү, азыр телефонуңду  ал да сабак оку деп калды. Муну менен эмнени айткым келип турат, бардык нерсени оң тарапка буруп колдонсо боло тургандыгын. Өлкөбүздө эки жылдан бери санариптештирүү жылы болгондугуна карабастан кыргызча сабактарды, маалыматтарды лупа менен издесек да табылчу эмес эле.

Мына азыр мугалимдер жекече “Youtube” каналдарын ачып, кыргызча сабактарды түрдүүчө жасап жүктөп жатышат. Көрсө, кыргызча маалыматтар  жок эмес, техниканы билбегендиктен, мугалимдердин сандыгында сакталып жаткан экен. Акыркы бир ай ичинде түрдүү сабактарды, тээ Чаткалдын төрүндө отуруп, борбордо иштеген мугалимдин сабагын көрүп, андан ар кандай интерактивдүү усулдарын үйрөнүп жаткандыгына күбө болуудабыз. Кыргызда: “Бала ыйлабаса эмчек  кайда” деген сөз бекер айтылбаган экен. Негизи эле муктаждык, зарылчылык — “ташты да талкан кылат” дешет эмеспи.

“Муну мындай таштайлы да, Манасты айтып баштайлы” дегендей, жаш болсом да өз кесиптештерим, жалпы эле коомчулук менен “Дистанттык билим берүүнүн” күңгөй-тескейлери тууралуу ой бөлүшүүнү туура деп чечтим. Албетте, аралыктан окутууда Билим берүү министрлиги Орто Азиядагы кээ бир өнүккөн өлкөлөр жолго сала албай жаткан ишти алгачкылардан болуп, өз убагында колго алып, Кыргызстандын булуң-бурчундагы окуучуларды окутуп, “Мegacom”, “Beeline”,  “O!” мобилдик байланыш түйүндөрү менен келишип, мугалимдерге,  окуучуларга да акысыз колдонууну уюштуруу менен алда канча жардам берди. Кыргызстан элдеринин тең жарымы интернет тармагын акысыз иштетип  калды десек да болот.  Бул мактоого ала турган эң сонун көрүнүш. Ошол эле мезгилде мугалимдердин эмгек акыларынын толук  сакталып жаткандыгы да жагымдуу жагдай.

Жалгыз үйдө түшүндүрүп сабак өттү, 

Берилишип жандарында балдар бардай

Учурдан пайдаланып аралыктан окутууда бир жыргаган, бир кыйналган мугалимдин жагдайын айтып өтөйүн. Анткени үйдө ата-эне бир баласына убагында телесабактарды көрсөтө албай, берилген тапшырмаларды аткара албай жатканда, бир мугалим, ушул эле мезгилде:

  • Үйүндөгү баласынын тапшырмасын аткартып;
  • Үй жумуштарын аткарып;
  • Окуучулар менен онлайн байланышта болуп жаткан убак.

Далил менен көрсөтө кетсем. Эгерде бир  мугалимдин  20 сааты болсо, 6 класста сабагы болот деген сөз (бул кыргыз тилчилердин мисалында), 6 класста 30дан окуучу болгондо, бир күндө 180 окуучунун тапшырмасын текшерип, баасын коюп жөнөтүп жатат.  Ар бир класстын тапшырмасын бир сааттан текшергенде деле бир күн кечке телефон колунан түшпөй, компьютер, ноутбугун кучактап уктап, кайра кучактап ойгонуп жатат деген сөз.

Албетте, программаларды өздөштүрө албаган мугалим кайтарым байланыш жүргүзгөндө бир гана Whatsapp колдонуп, келген тапшырмаларды бирме бир текшерип, көзүнүн майы агып, 30 жыл иштеп кыйналбаган мугалим, бир айда эле бир топ ден соолугун жоготуп жатат. Ушул жагдайда мугалимдин кадыры чын эле билинип, кээ бир ата-энелер соцтармактар аркылуу төмөнкүдөй ырларды жазып жатышат. Чүй районунун Кош-Коргон айлынын Туйту  Каракеев мектебинин 2-классынын окуучусу Таалайбекова Раминанын чоң атасы төмөнкү ырды калтырган.

Ватсап жок, шартым жок деп жатып албай,

Изденишип биринен бири калбай,

Жалгыз үйдө түшүндүрүп сабак өттү,

Берилишип жандарында балдар бардай.

 

             Ыраазымын булардын эмгегине,

             Таң калдым үйдөн сабак бергенине.

             Көрдүңөр го үйүңөрдө бала окутуп,

             Жулунуп эми мектепке келбегиле.

Демек, бул ырдан жыйынтык чыгарсак.  Учурда баягы эле түшүнгөн  ата-эне түшүнүп жатат, иштеген мугалим иштеп жатат, окуган окуучу окуп жатат деген сөз. Дагы эле окубаган окуучунун ата-энесинен арыз-муңдар айтылууда. Учурдагы кырдаал  бардык эле мугалимдерге жеңил болуп жатат дегенден алысмын. Бир топ мугалимдерибиз да кыйналып, түнү-күнү дебей үйрөнүп жатышат. Жогоруда кыйналган мугалим менен окуучунун жагдайы жөнүндө айтып өттүм.

Тамчыдай билимди бериш үчүн,

деңиздей билим болуш керек

Эми жыргаган мугалимдин жагдайын айтып өтөйүн. Көп программаны өздөштүргөн мугалим үчүн онлайн билим берүү, кайтарым байланыш жүргүзүү абдан жеңил болуп жатат. Мугалим тамчыдай билимди бериш үчүн, деңиздей билими болуш керек экендигин  сокур да болсо көргүдөй, дүлөй да болсо уккудай кылып,  учурдагы кырдаал көзүбүзгө  сая көрсөттү.

Айтор, жолдошум да IT тармагында иштеген үчүнбү, же “Санарип мугалим” сынагына катышканым үчүнбү, же биздин лицейде эрте эле электрондук    EduPage журналын  колдонгонубузгабы, эмнеси болсо да мен үчүн онлайн билим берүү, дистанттык окутуу абдан эле жеңил болуп жатат. Кааласам Whatsapp, Youtube, Zoom Cloud Meetings, EduPage, Мульти урок ж.б колдонуп  жеңил жана окуучуларыма жугумдуу  сабак өтүп жатам. Убактым да бир канчага үнөмдөлдү, чарчоом да азыраак.

Учурдан пайдаланып кээ бир аттуу-баштууларыбыз кагазга ороп, “Уятыбыз чыкмай болду го”, “Өкмөт жакшы иштесе, мугалимдердин көбү аз эле айлык менен иштеп калмак” деген  пикирлерине жооп кайтарып, ушул макаланы жазып жатам. Кыргызда: “Кой аксагы менен миң” деп коёт.  Министрлик аралыктан окутпаган учурда да биздин ички даярдыгыбыз бар болчу.

2019-жылдын ноябрь айынан 2020-жылдын апрель айына чейин Кыргызстанда “Санарип мугалим” сынагын  IT тармагында иштеген Асылбек Мадалиев деген жигитибиз Кыргызстандын булуң-бурчундагы идиреги бар мугалимдердин башын бириктирип төмөнкү жазган программа, сайттар менен иштөөнү жолго салып үйрөтүп койгон эле. Бул үйрөнгөндөр албетте, өлкөбүздүн 30% түзөт десем болот (албетте, катышуучулар  жаш мугалимдер эле). М:

  • Canva тиркемесинде ар кандай сертификат, грамота, чакыруу кагазын, резюме жасоону;
  • Мульти урок сайтында өздүк сайт ачып, онлайн тесттерди түзгөндү;
  • Gооgle classroom да онлайн сабак өтүп, окуучуларга тапшырма берип, жоопторун алып баалоону;
  • Gооgle Hangouts тиркемесинде видеоконференцияларды өткөрүүнү;
  • Gооgle сервистен аккаунт ачууну;
  • Gооgle диск менен иштөөнү;
  • Gооgle формасында заматта онлайн тест алып, жообун алууну;
  • Gооgle go тиркемесинен картинка, gif аркылуу издөөнү, котормо кызматтарын пайдаланууну;
  • Youtube видео жүктөгөндү,
  • Youtube каналын ачууну;
  • Youtube каналына видео жүктөөнү;
  • Video Scribe сүрөттөр менен презентация жасоону;
  • QR жасап, шилтемелерди кыскартууну;
  • Zip grade тиркемесинде сабак учурунда тесттерди бат текшерүүнү;
  • Kahoot програмасында онлайн тест өткөрүүнү;
  • Zoom Cloud Meetings тиркемесинде окуучулар менен аралыктан сабак өтүүнү;
  • Bandicam программасы менен жасаган слайдды видеого айлантып, үн берип жаздырууну;
  • Free cam 8 программасында да жасалган сабактарды видеосабакка айландырып, үн жаздырууну, видео кошууну үйрөттү.

Чынында Вольтер айткандай: “Мамлекетти куткаруу үчүн бир улуу инсан жетиштүү” деген сөзүн Асылбек Мадалиев тастыктай  алды. Анткени министрлик, мамлекет жадакалса жогорку окуу жайлар беш жылдап үйрөтө албаган, бере албаган билимди берди.

Жыйынтыктап жатып кесиптештериме жана министрликке бир катар сунуштарды бермекчимин.

Кесиптешиме кыскача кеңеш:

  1. Педагогикалык, кесиптик, техникалык билимиңизди жогорулатыңыз;
  2. Англис, орус тилдерин үйрөнүңүз (анткени техниканы өздөштүрүүдө абдан зарыл);
  3. Көп китеп окуңуз;
  4. Видеосабактарды тартып, Youtube каналына жүктөөнү токтотпоңуз (Youtube видео жүктөөдө, шрифти Times new roman менен жазууну, грамматикалык ката кетирбөөнү, ар кандай символдорду коюуда Provelди басууну, фонго жазууда туура  түстү колдонууну, так маалыматтарды илимге таянып жазууну, тартылган видео сабакты Youtubeка жүктөп, ссылка аркылуу бөлүшүүнү);
  5. Өз кесибиңизге байланыштуу кандай гана семинар, сынак болбосун катышууну.

Министрликке сунуш:

  • Жаңы окуу жылында бирдиктүү календардык планга өтүү;
  • Эскирген китептерди заманга ылайыктап кызыктуу кылып жаңылоону (анткени адабияттагы кээ бир чыгармаларды окуучу такыр эле уккусу келбейт. Фантастикалык, азыркы заманга ылайык чыгармалар, азыркы акындардын ырлары кошулса);
  • Жаш кадрларды иштетүүнүн альтернативдүү пландарын түзүп, жаш кадрларды колдоого алууну;
  • Академиялык билим берүү процессин 30 жылдан бери башыбыздан кечирип келе жатабыз, жыйынтыгы кандай болуп жатканы баарыбызга маалым, жаңы министрден ишеничибиз чоң, ошондуктан процедуралык билим берүүнүн жолдорун иштеп, өнүккөн өлкөлөрдүн мисалында ишке ашырууну;
  • EduPage электрондук журналга токтоосуз өтүүнү сунуштамакчымын.

 

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер

Чынара / 24.04.2020 22:05
Нургул сенин катынды окуп сага ыраазы болдум.Жаш мугалим болсон да ,көптү билген,көп кырдуу сабак өткөнүң эң жакшы. Ооба,аралыктан окутуу бизге көп нерсени үйрөнүүгө мүмкүндүк берди.Сен айткандай,аз убакыттын аралыгында Асылбек Мадалиев агайыбыздын жакшы сунуштарын өздөштүрүп жатабыз. Окуучуларыбыз берген тапшырмаларды аткарып жатканына кубанабыз. Кесиптештерге окугула, үйрөнгүлө деген сунушун жакшы,окуучуларга татыктуу билим берүү үчүн дагы-дагы үйрөнүү керек.Нургүл ишине ийгилик! Сенден эң жакшы мугалим чыгат деп ишенем.
Гулнара / 24.04.2020 19:18
Чыгармачылык ийгилик болсун! Тайыр кызы Нургул ден соолукта бол! Асылбек агайдын да мээнетине таазим, дайыма ден соолукта болунуз?
Мавлюда / 24.04.2020 14:53
Эн туура пикир айтылыптыр.Кээ Бир программаларды билбесеем да зарыл уйрондум.
Маматаева Динара / 24.04.2020 13:33
Азаматсыз,сиздей мугалим менен сыймыктанабыз!
Тураркан Жапаровна / 24.04.2020 13:32
Эн туура асыл ойлор камтылган. Педагогика тармагына кошкон зор салымы учун "Заманбап Мугалим Академиясына,,ыраазычылык билдирем. Биздин оюбузду жазыптырсыз ардактуу кесип еш.Ишинерге ийгилик