АЗИЯ ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИ – ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ДАЯРДООНУН ФЛАГМАНЫ!

  • 02.05.2026
  • 0

АЗИЯ ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИ

Колледждин директору Махабат ШАМШИЕВА

АЗИЯ ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИ – ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ДАЯРДООНУН ФЛАГМАНЫ!

Азия инновациялык коллед жи (АИК) – Кыргыз Республикасындагы кесиптик билим берүүнүн алдыңкы мекемелеринин бири катары калыптанып, билим берүү жаатындагы инновацияларды натыйжалуу интеграциялоо аркылуу коомдун жана эмгек рыногунун өзгөрмөлүү талаптарына жооп берген жогорку квалификациялуу адистерди даярдоону максат кылат. Колледж 2010-жылы Бишкек технологиялык-архитектуралык колледжи деген ат менен негизделип, 2017-жылы заманбап билим берүү талаптарына ылайык Азия инновациялык колледжи болуп кайра аталып, жаңы концепцияны ишке ашырууга багытталган. АИК өз ишмердүүлүгүн натыйжалуу уюштуруу үчүн материалдык-техникалык базаны үзгүлтүксүз жаңыртуу, профессордук окутуучулук курамдын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жана реалдуу сектор өкүлдөрү менен тыгыз кызматташтыкта болуу сыяктуу багыттарды негизги артыкчылык катары кароодо. Бул жагдайлар студенттердин теориялык билимдерин практикалык көндүмдөр менен айкалыштырып, чыгармачылык менен ойлонууга жана ишкер дүйнөдө атаандаштыкка жөндөмдүү болууга өбөлгө түзөт. Колледждин миссиясы – билим берүүнүн сапатын инновациялар аркылуу жогорулатуу менен, эмгек рыногунда талап кылынган адистерди тарбиялоо жана алардын кесиптик, ошондой эле жеке өнүгүүсүнө шарт түзүү болуп саналат. Бүгүнкү күндө АИКтин бүтүрүүчүлөрү республикабыздын бардык аймакта рында жана андан тышкары чет мамлекеттерде да өз кесиптеринин мыкты өкүлдөрү катары таанылып, ийгиликтүү эмгектенип келишүүдө.

АЗИЯ ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИ – ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ДАЯРДООНУН ФЛАГМАНЫ!

АИК 2026-2027-окуу жылына карата 9-класс жана 11-класстын базасында төмөнкү адистиктер боюнча абитуриенттерди кабыл алат.

  1. Архитектура – техник квалификациясы менен бүтүрүүчүлөр архитектуралык долбоорлорду түзүүдө жана аларды ишке ашыруу иштеринде адис катары иштей алышат.

Окуу мөөнөтү: 9-класс – 3 жыл 6 ай; 11-класс – 2 жыл 6 ай.

  1. Дизайн (тармактар боюнча) – дизайнер квалификациясы менен интерьер жана фасаддык долбоорлорду түзүү, моделдөө жана визуалдаштыруу жаатында кеңири иш алып барышат.

Окуу мөөнөтү: 9-класс – 2 жыл 10 ай; 11-класс – 1 жыл 10 ай.

  1. Тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана кийимдердин технологиясы – дизайнер-модельер адистиги боюнча кийим дизайн, тигүү технологиясы жана сапатты көзөмөлдөө тармагында адистер даярдалат.

Окуу мөөнөтү: 9-класс – 2 жыл 10 ай; 11-класс – 1 жыл 10 ай.

  1. Экономика жана бухгалтердик эсеп – бухгалтер квалификациясы менен бүтүрүүчүлөр каржы, эсеп жана салык саясаты багытында иш алып бара алышат.

Окуу мөөнөтү: 9-класс – 2 жыл 10 ай; 11-класс – 1 жыл 10 ай.

  1. Финансы (тармактар боюнча) – финансист квалификациясы менен бүтүрүүчүлөр инвестициялык, каржылык талдоо жана тобокелдиктерди башкаруу тармактарында адис катары эмгектенишет.

Окуу мөөнөтү: 9-класс – 2 жыл 10 ай; 11-класс – 1 жыл 10 ай.

  1. Эсептөө техникасынын каражаттарын жана компьютердик тармактарды техникалык тейлөө – техник квалификациясы менен бүтүрүүчүлөр ИТ-инфраструктураны тейлөө жана коргоо боюнча адис катары жумуш таба алышат.

Окуу мөөнөтү: 9-класс – 2 жыл 10 ай; 11-класс – 1 жыл 10 ай.

  1. Имараттарды жана курулмаларды куруу жана эксплуатациялоо – техник квалификациясы менен курулуш жана долбоорлоо тармагында инженердик кызматтарды аркалоого мүмкүндүк берет.

Окуу мөөнөтү: 9-класс – 2 жыл 10 ай; 11-класс – 1 жыл 10 ай.

  1. Башталгыч класстарда сабак берүү – билим берүү системасынын негизин түзгөн башталгыч билим баскычында иштөөгө адистештирилген кадрларды даярдоого багытталган. Бул багытта билим алган студенттер мектеп жашындагы балдардын психологиялык өзгөчөлүктөрүн, окуу процесстерин уюштуруу ыкмаларын, тарбия берүү жолдорун жана интеграцияланган сабак өтүү технологияларын терең өздөштүрөт.

Окуу мөөнөтү: 9-класс – 2 жыл 10 ай; 11-класс – 1 жыл 10 ай.

АЗИЯ ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИ – ЗАМАНБАП АДИСТЕРДИ ДАЯРДООНУН ФЛАГМАНЫ!

Мындан тышкары, АИК зергерчилик боюнча кыска мөөнөттүү курстарды (6 айлык) сунуштайт. Курсту аяктагандарга тиешелүү сертификаттар берилет

Кабыл алууга керектелүүчү документтер:

  • Кабыл алуу жөнүндө арыз;
  • Орто билим (аттестат – 11-кл.) же негизги билим (күбөлүк – 9-кл.) тууралуу документтин түп нускасы;
  • 3х4 өлчөмүндөгү 6 сүрөт;
  • Паспорт же туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн көчүрмөсү (түп нускасы кошо);
  • Аскердик билет же каттоо күбөлүгү;
  • 11-класстар үчүн ЖРТ барагы.

Дареги: Бишкек шаары, Тоголок Молдо көчөсү, 60 А (Жибек Жолу менен кесилишет, 4-кабат).

Телефон номерлери: +996 (312) 324 983,

+996 (704) 079 371,

+996 (772) 107 217

Электрондук почта: [email protected]; mailto:[email protected]

Расмий сайт: https://ai-k.edu.kg

Instagram: [asiancollege\_kg](https://www.instagram.com/asiancollege_ kg?igsh=MTdsZmM2cWc2YTd3Zw==) Facebook: [aik.college1](https://www.

facebook.com/aik. college1?mibextid=ZbWKwL)

АЗИЯ ИННОВАЦИЯЛЫК КОЛЛЕДЖИ – заманбап билим алып, эртеңки күнгө ишеним менен кадам таштагысы келген ар бир бүтүрүүчү үчүн мүмкүнчүлүктөрдүн кең дүйнөсү.

Бөлүшүү

Комментарийлер