АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ: АЙААЛ ЛАЗАРЕВДИН КОЛО БАЙГЕСИ

  • 13.04.2024
  • 0

АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ: АЙААЛ ЛАЗАРЕВДИН КОЛО БАЙГЕСИБишкекте өтүп жаткан споррттук күрөш боюнча Азия чемпионатында кыргызстандык балбан Айаал Лазарев финалга чейин жетип, күмүш медаль тагынды.

Күрөштүн эркин түрүнөн Азия чемпионатында Кыргызстандын эсебине дагы күмүш байге алып келген Айаал Лазарев 125 килограмм салмакта үч беттеш өткөрдү. Алгач чейрек финалда кытайлык Бухирдун Бухирдунду 10:6 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан эле. Баш байге үчүн талапкерлердин күч сынашуусунда  монголиялык Одгерел Баткхишигди 10:0 эсеби менен утуп финалга чыккан. Айаал Азия чемпиондугу  үчүн 2021-жылдагы дүйнө чемпиону, Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси ирандык Амир Заре менен беттешип, атаандашына алтын байгени алдырып койду. Ошентип ал  2-орунду ээлеп, күмүш медаль тагынды.

Кыргызстандын намысын коргоп жүргөн тажрыйбалуу балбан Айаал Лазарев 38 жашта. Ал 2009-жылдан бери Кыргызстандын атуулдугун алып, биздин өлкөбүздүн атынан мелдештерге катышып келатат. Ушуну менен алтынчы жолу Азия чемпионатынын байгесине ээ болду. Буга чейин 2015-жылы Азия чемпиону аталып, алтын медаль тагынса, 2021-жылы да финалга чейин жетип күмүш байгелүү болгон. Ошондой эле 2010-жылы, 2013-жылы жана 2016-жылдары Азия чемпионатынын коло байгелерин уткан. 2023-жылы Кытайда өткөн Азия оюндарында коло медаль тагынган. Айаал Лазарев Рио-де-Жанейро жана Токио жайкы олимпиада оюндарынын эки жолку катышып, 15-16-орундарга илинген. 2020-жылы Белградда өткөн Дүйнө кубогунда коло байгелүү болгон.

АЗИЯ ЧЕМПИОНАТЫ: АЙААЛ ЛАЗАРЕВДИН КОЛО БАЙГЕСИ Бишкекте өтүп жаткан күрөш боюнча Азия чемпионатынан Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы 1 алтын, 1 күмүш жана эки коло байгени утуп алышты.  Буга чейин 11-апрелде кыргызстандык балбандар Улукбек Жолдошбеков (65 кг) менен Алибек Осмонов (70 кг) коло байгелүү болушкан.

Күрөш боюнча Азия чемпионаты Бишкек Арена спорт комплексинде 16-апрелге чейин уланат. Бүгүн, 13-апрелде кыз-келиндер күрөшүнөн таймашуулар өтүп жатат.  Мелдешке Азиянын 30 мамлекетинен 600 спортчу катышууда. Катышуучулардын арасында Азиянын, Олимпиада оюндарынын жана Дүйнөнүн чемпиондору бар. Азия чемпионатынан кийин 19-апрелден 21-апрелге чейин Бишкекте Париж Олимпиада оюндарына жолдомо бере турган Азиянын лицензиялык мелдеши болот. Бул таймашуулар курч мүнөздө, атаандаштык менен өтөөрүн адистер айтышууда.

Кабыл Макешов, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер