Ажонун колунан сыйлык алган Адилет
- 29.11.2024
- 0
Адилет Акинали уулу учурда Түркиянын Анкара шаарындагы Полиция академиясынын эл аралык коопсуздук бөлүмүнүн магистранты. Үч тилде эркин сүйлөйт. Чет жердеги окуусун аяктаса, Кыргызстандын ички иштер министрлигинин байланыш бөлүмүндө эмгектенүүнү каалайт.
Адилет Акинали уулу өрүк зарлуу Баткен жергесинин кулуну. 2017-жылы “Кадамжай Семетей” лицейин аяктаган. Жаштайынан эле эл-жерине кызмат кылууну максат кылган өспүрүм мектепти аяктаганда ойлонбостон милициянын кесибин тандаган. Жогорку билим берүү сапатын баалап, ИИМдин Академиясына окууга тапшырып, 2017-2021-жылдары аталган окуу жайдын укук коргоо ишмердүүлүгү багыты боюнча бюджеттик негизде билим алган.
Бирок билимин дагы да тереңдетүүнү кыялданып, Түркиянын окуу жайларынын бирине тандоо жүрүп жатканын угуп, КРнын ИИМдин кызматкерлери арасында Түркиянын Полиция академиясына кабыл алуу конкурсуна катышат. Ошентип, жаш кызматкердин көксөгөнү орундалып, бул “бактылуу билетти” утуп алат.
Адилет Акинали уулунун айтымында, жалпы Анкара шаарындагы окуу жайларды алганда Ички иштер министрлигинин 15 чакты кызматкери билим алууда. Мекендештер бири-бири менен абдан ынтымактуу, ар дайым колдоого даяр. Майрам же белгилүү даталарда ар кандай спартакиада, маданий, оюн-зоок иш-чараларын уюштуруп турат. Кыргыз студенттеринин башын бириктирип турган “Кыргызстан – Анкара студенттери” уюму алардын жашоосун дагы да кызыктуу өткөрүүгө өбөлгө түзөт.
Ошондой эле билим берүүнүн сапаты жана студенттер үчүн түзүлгөн окуу жайдын шарттары дүйнөлүк стандартка жооп берет.
– Негизи окуум эки жылдын ичинде бүтүүсү керек эле. Бирок мен жарым жыл Венгриянын Федералдык Академиясында көчмө окуп келгендигиме байланыштуу дагы алты айга узартылды. Эми дагы эки ай окуйм. Азыркы учурда магистр академиялык даражамды жактап жаткан кезим. Башка өлкөнүн студенттерин окута алууга дарамети жеткен кайсы өлкө болбосун, бардык нюансты эске алышат эмеспи, Түркияда да чет элдик студенттер үчүн жогорку деңгээлдеги шарттар сунушталат. Жатакана, китепкана, тамак-аш… Буйруса, магистратураны аяктагандан кийин өз өлкөмө кайтып, кесибимдин негизинде иштөөнү каалайм. Албетте, “тиги же бул жерде иштейм, мага мындай жумуш берилиши керек” дегенден алысмын. Кантсе да, ИИМдин эл аралык кызматташтык бөлүмүндө иштеп, өлкөмдүн туруктуулугуна салым кошсом деген ниетим бар.
Кыргыз милициясынын тарыхында атым алтын тамга менен жазылып калуусу үчүн колумдан келген аракетимди жасап, чоң-чоң ачылыштарды жаратууга аракеттенем, — дейт магистрант.
Ал бир гана окуу менен чектелбестен, коомдук, маданий иш-чараларга активдүү катышууга аракет кылат. 2022-жылы Полиция академиясынын “Коопсуздук стратегиялары жана башкаруу” бөлүмүн аяктап жатканда үлгүлүү жүрүм-турум, окууда жана эл аралык аренада өз жөндөмүн жогорку деңгээлде көрсөткөндүгү үчүн Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдогандын колунан диплом менен сыйланган.
– Бул ийгилик жеке эле меники эмес, мени колдогон ата-энем, бир туугандарымдын жана билим алуума чыйыр жол салган устаттарымдын ийгилиги” деген Адилет Акинали уулу окуудан сырткаркы убакытын өзүн-өзү өнүктүрүүгө жумшайт. Англис тилинде түш жоруучу даражага жетүү үчүн атайын сабактарга басым жасайт. Китепканалардан чыкпай, илимий изилдөөлөрдү жүргүзөт.
Комментарийлер