АЗЕРБАЙЖАНДЫН АДИСТЕРИ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛЕТ

  • 20.12.2022
  • 0

21-22-декабрда Азербайжандын адистери Кыргызстанга келип, Бишкек шаарындагы Гейдар Алиев атындагы №20 мектеп-гимназиясы менен Низам Гянджев атындагы №103 кыргыз-азербайжан жалпы билим берүү мектебине STEAM Center окуу кабинетин жана STEAM бөлмөнү ачуу тууралуу сүйлөшүү жүргүзөт.

АЗЕРБАЙЖАНДЫН АДИСТЕРИ КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛЕТ

Эки тараптуу макулдашууга ылайык, аталган мектептердеги окуучулардын интеллектуалдык жөндөмдүүлүгүн өнүктүрүү жана аларды илимий-техникалык чыгармачылыкка кызыктыруу максатында, химия жана физика лабораторияларды Азербайжан тарап заманбап жабдуулар менен камсыз кылат.

Эскерте кетсек, 11-18-декабрь күндөрү Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиевдин чакыруусу менен №20 мектеп-гимназиясы жана №103 мектебинин мугалимдер менен мектеп окуучулары, жалпы 49 адамдан турган топ Баку шаарына барды. Мугалимдер менен окуучулар үчүн дисциплиналар аралык жана долбоордук окутуу боюнча лекция Гейдар Алиев атындагы заманбап билим берүү комплексинде өткөрүлдү. Мугалимдер математика, география, тарых, англис тили сабактарына катышты. Гейдар Алиевди эскерүү күнүнө арналган иш-чарага катышып, мүрзөсүнө гүл чамбар койду.

Айгерим Токтобаева «КУТ БИЛИМ» 

Бөлүшүү

Комментарийлер