АЗЕРБАЙЖАНДЫК АДИСТЕР ЭКИ МЕКТЕПТИН STEAM КЛАССТАРЫНЫН ДОЛБООРЛОРУН ДАЯРДООДО

  • 22.12.2022
  • 0

21-декабрда Билим берүү жана илим министри Уланбек Мамбетакунов азербайжандык адистер менен жолугушуп, Гейдар Алиев жана Низами Гянджави атындагы мектептердеги STEAM класстарынын долбоорун талкуулады.

АЗЕРБАЙЖАНДЫК АДИСТЕР ЭКИ МЕКТЕПТИН STEAM КЛАССТАРЫНЫН ДОЛБООРЛОРУН ДАЯРДООДО

Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы келишимдин алкагында Гейдар Алиев атындагы №20 мектепте жана Низами Гянджави атындагы №103 мектепте заманбап жабдуулар менен жабдылган STEAM борборлору түзүлөт.

Борборлордун долбоорун түзүү үчүн Бишкекке “STEAM Azerbaijan” долбоорунун кызматкерлери Фазил Бабаев жана Орхан Гурбанов келди. Алар 21-декабрда №20 мектептин имаратын көрүп, өлчөөлөрдү жана сүрөттөрдү тартып, физика, химия, биология жана технология кабинеттерин кантип жабдууну чечишти. Ал эми 22-декабрда азербайжандык адистердин №103 мектепке барары пландалууда.

“STEAM Azerbaijan” долбоору 2019-2020-окуу жылында Биринчи вице-президент Мехрибан Алиеванын демилгеси жана Азербайжан Республикасынын Билим берүү министрлигинин Билим берүү институтунун колдоосу менен башталганын кошумчалайбыз.

Бөлүшүү

Комментарийлер