АЗЕРБАЙЖАН КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДАРЫНА БИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН КВОТАЛЫК ОРУНДАРДЫ БӨЛӨТ

  • 25.04.2024
  • 0

Азербайжан Республикасы 2025-жылдан тарта жогорку окуу жайларында бакалавриат программалары боюнча билим алуу үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарына беш (5) квоталык орун бөлөт.

АЗЕРБАЙЖАН КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДАРЫНА БИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН КВОТАЛЫК ОРУНДАРДЫ БӨЛӨТ

Бул 2024-жылдын 24-апрелинде Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун Азербайжан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында кол коюлган “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Азербайжан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы билим берүү жана илим жаатында кызматташуу жөнүндө Макулдашуу” долбоорунун негизинде ишке ашат.

Эки тараптуу макулдашуу долбооруна кол коюуга Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева катышты.

АЗЕРБАЙЖАН КЫРГЫЗСТАНДЫН ЖАРАНДАРЫНА БИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН КВОТАЛЫК ОРУНДАРДЫ БӨЛӨТ

Макудашуу долбоорунда кабыл алуучу өлкө жиберүүчү өлкөнүн жарандарын акысыз окутуу, аларга стипендияларды төлөөнү жана өз улуттук мыйзамдарына ылайык медициналык тейлөөнү, окуунун тиешелүү шарттарын, ошондой эле спорттук-ден соолукту чыңдоочу комплекстерди өз мамлекетинин жарандары үчүн каралган шарттарда пайдаланууга укук берери жазылган.

Ошондой эле Президенттин Азербайжан Республикасына болгон мамлекеттик сапарынын алкагында Баку мамлекеттик университети менен Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Меморандумдун негизи билим берүү, илимий жана маданий тармактарда тажрыйба, окутуучулар жана студенттер менен алмашуу болуп саналат.

Бөлүшүү

Комментарийлер