АЗЕРБАЙЖАНДЫН ЖОЖДОРУНА ОКУУ ҮЧҮН ГРАНТТЫК ОРУНГА КОНКУРС ЖАРЫЯЛАНАТ

  • 26.12.2019
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги Азербайжан Республикасынын жогорку окуу жайларындагы даярдоо курстары, бакалавриат, магистратура жана докторантура программалары боюнча 2020-2021-окуу жылына бөлүнгөн бир гранттык орунга конкурс жарыялайт.

Конкурска катышуу үчүн талапкерлер төмөнкү документтерди тапшырууга зарыл:

  1. Арыз;
  2. Резюме (орус жана англис тилдеринде);
  3. Анкета, сөзсүз сүрөтү менен;
  4. Толтурулган өтүнмө формасы, сөзсүз сүрөтү менен;
  5. Билими тууралуу документ (англис тилине которулуп, нотариалдык тастыкталган);
  6. Паспортунун көчүрмөсү
  7. Медициналык маалыматы жана ВИЧ СПИД жоктугу жөнүндө күбөлүгү (англис тилине которулган жана нотариалдык тастыкталган);
  8. Жүйөөлүк кат (орус жана англис тилдеринде);
  9. Англис тилин билүү деңгээлин тастыкталган (TOEFL, IELTS) күбөлүк

Документтер 2020-жылдын 24-январына (саат 17.00 ) чейин берилиши керек. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 220-кабинет, маалымат үчүн байланыш телефону: 0 (312) 62 15 19.

Стипендияга төмөнкүлөр кирет:

— окуу үчүн төлөө акысы;

— эл аралык авиаучуулар (жылына бир жолу, эконом-класс);

— ай сайын берилүүчү стипендия;

— медициналык камсыздоо;

— визанын жана каттоонун баасы;

Курактык чектөөлөр:

— бакалавриат – 25 жашка чейин;

— магистратура – 30 жашка чейин;

— докторантура – 40 чейин.

Кыргыз тараптын конкурстук сынагынан кийин, министрлик тарабынан сунушталган талапкерлер Азербайжан тараптын кошумча тандоо конкурсунан өтөт (1. тиешелүү документтерди кароо; 2. Интервью онлайн).

 

Жогорку окуу жайлардын тизмеси:

  • ADA University
  • Azerbaijan University of Languages
  • Azerbaijan State Agricultural University
  • Azerbaijan State University of Economics
  • Azerbaijan State University of Culture and Arts
  • Azerbaijan State Oil and Industry University
  • Baku Higher Oil School
  • Azerbaijan State Pedagogical University
  • Azerbaijan Arts Academy
  • Azerbaijan University of Architecture and Construction
  • Azerbaijan National Conservatory
  • Azerbaijan Technical University
  • Azerbaijan Medical University
  • Azerbaijan University of Tourism and Management
  • Baku State University
  • Baku Engineering University
  • Baku Slavic University
  • Nakhchivan State University
  • Baku Music Academy named after Uzeyir Hajibeyov
  • Khazar University
  • Ganja State University

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер