АЙЫМДАР СПОРТТО КҮЧ СЫНАШТЫ

  • 10.03.2025
  • 0

Ош технологиялык университетинде айымдардын катышуусунда волейбол мелдеши өттү. 8-март – Аялдардын эл аралык майрамына арналган салтанаттуу иш-чара окуу жайдын кесиптик бирлик комитети тарабынан уюштурулду.

Спорттук иш-чарага окуу жайдын ректору Ж.Турсунбаев, кесиптик бирлик комитетинин төрайымы Б.Тиленбаева, жалпы бөлүмүнүн башчысы Ш.Маразаков, окутуучулар жана күйөрмандар катышты.

Иш-чараны университеттин ректору Жанболот Турсунбаев ачып, катышуучу айымдарды майрамы менен куттуктап, ийгилик каалап өттү.

Мелдешке институттардан жана колледжден жалпы 9 команда катышып, күч сынашты. Жыйынтыгында биринчи орунду административдик башкаруу персоналынын курама командасы, экинчи орунду архитектура жана курулуш институтунун командасы, үчүнчү орунду гуманитардык-технологиялык колледжинин коомдук жана табигый илимдер борборунун командысы ээледи.

Жеңүүчүлөргө жана мыкты оюнчуларга диплом, кубок, акчалай жана баалуу белектер тапшырылды.

ОшТУнун басма сөз кызматы.

Бөлүшүү

Комментарийлер