АЙЫЛДЫК ОКУУЧУЛАРДЫН ЖЕҢИШИ  

  • 13.02.2024
  • 0

Жыл жакшы жаңылык менен башталды. Алыскы Англиядан Сузак районунун Бостон айылында жайгашкан №75 К.Эрматов атындагы лицей-жатак мектебинин 14 окуучусу англис тилинен эл аралык даражадагы сертификаттарга ээ болду деген жылуу кабар келди. Мындай ийгилик, Жалал-Абад облусунун тарыхында алгачкы жолу болуп жатат.

2023-жылы ушундай сертификаттарга Лейлек районунун окуучулары да ээ болуп, алар Билим берүү жана илим министрлиги, жергиликтүү бийлик тарабынан сыйланганын чагылдырганбыз. Аталган саамалык  жакшы шарттар түзүлсө, айылдык окуучулар да эл аралык билим деңгээлин багындыра ала турганын далилдеди.

Билими жана талбаган аракети менен башкаларга үлгү көрсөткөн жаш жеткинчектерди бул жеңиши менен чын дилден  куттуктап, аларга албан ийгиликтерди каалайбыз!

М.Кайыпов  

 

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер