АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРИ ОШМУДА

  • 24.02.2023
  • 0

АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРИ ОШМУДА

ОшМУнун Бизнес паркында Айыл чарба министри Аскарбек Джаныбековдун Ош облусундагы жаш агроишкерлер  менен менен жолугушуусу өттү.

“Жаш Табышкер” долбоорунун алкагында уюштурулган жолугушууда министр  өсүмдүктөрдү өстүрүү, мал чарбачылык, токой чарба, тамак-аш өндүрүү,  айыл чарбага керектелүүчү IT техногиялар багыттарында иш алып барган жаш ишкерлердин сунуш-пикирлерин угуп, суроолоруна жооп берди.

“Бул демилге жаштардын айыл чарба тармагын өнүктүрүүгө болгон кызыгуусун арттырат. ОшМУнун Бизнес паркында жана Инновациялык Агро Борборунда иштелип чыккан стартаптардын 30 % жакынын агростартаптар түзөт. Жолугушууда студенттердин, магистранттардын, аспиранттардын жана жаш окутуучулардын агростартаптарын каржылоо жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, ОшМУнун окумуштуулары менен фермерлердин кызматташуу маселелери да каралды”,- деди ОшМУнун Бизнес паркынын жана Инновациялык Агро Борборунун директору Эрлан Камалов.

Учурда ОшМУда агрардык технологияларга, айыл чарбасын өнүктүрүүгө жакшы көңүл бурулуп келет, заманбап ветеринардык клиника да курулуп жатат. Окуу жайда иштелип чыккан агростартаптарды окуу жайдын Ботаникалык багында ишке ашыруу пландаштырылган.

 

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер