АЙЫЛ ЧАРБА МИНИСТРИ: БАЛЫК ЧАРБА БОЮНЧА АДИСТЕРГЕ ТАЛАП ЖОГОРУ
- 14.04.2022
- 0
Бүгүн, 14-апрелде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков К.Скрябин атындагы КУАУнун ректору, УИАнын академиги Р.З.Нургазиев, профессор-окутуучулар менен жолугушуп, университеттин материалдык-техникалык базасы, окуу лабораториялары менен таанышты.
Министр «Fishedu» долбоорунун алкагында курулган Демонстрациялык балык чарбасы бүгүнкү күндө абдан керектүү, маанилүү окуу-лаборатория экендигине токтолуп, балык уулоочулук жана аквамаданият адистиги боюнча билим алып жаткан студенттерге бул кесиптин зарылдыгын белгиледи.
Бөлүшүү
Комментарийлер