АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛДЫҢКЫЛАРЫ

  • 18.02.2023
  • 0

17-февралда «Кыргызстандын 40 жылдыгы» орто мектебинде «Жыл мугалими-2023» кароо сынагынын зоналдык туру жыйынтыкталды.

АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЛДЫҢКЫЛАРЫ

Айыл аймагынын алдыңкы мугалимдерин аныктаган бул сынакка Лейлек районундагы Кулунду айыл аймагында жайгашкан «Кыргызстандын 40 жылдыгы», «Булак Башы», «Бел Алма», «Максат», И.Раззаков, В.И. Ленин жана
Т.Жолдошов атындагы орто мектептери катышты. Сынакта Т.Жолдошов атындагы орто мектебинин информатика мугалими Гулбайра Туратова 3-орунду, «Кыргызстандын 40 жылдыгы» орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Бегим Жоошбаевна 2-орунду ээлесе, В.И. Ленин атындагы орто мектебинин тарых мугалими Таирбек Абдилашим Уулу 1-орунду камсыздап, райондук турга жолдомо алды.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер