“АЙТУУЧУЛУК ӨНӨР” КИТЕБИНИН БЕТ АЧААРЫ

  • 24.04.2021
  • 0

Манасчы, филология илимдеринин доктору, КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Талантаалы Бакчиевдин орус тилинде жарык көргөн «Айтуучулук өнөр» («Сказительский дар») китебинин бет ачарына Улуу Британия, Франция, Россия, Украина жана Болгариянын көрүнүктүү маданият жана искусство ишмерлери, изилдөөчүлөр катышып, ой-пикирин билдиришти. Иш-чарага Президенттик аппараттын өкүлү Кудайберген Базарбаев, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев катышты.

“АЙТУУЧУЛУК ӨНӨР” КИТЕБИНИН БЕТ АЧААРЫ

Уюштуруучулардын билдирүүсүнө караганда,  китеп илимий же көркөм чыгарма болуп саналбайт. Манасчы буга чейин өзүнүн башынан өткөн окуялары баяндалган эмгек эссеге жакыныраак экенин белгилеген. Эмгекте башкы орунду улуу манасчы Саякбай Каралаев ээлейт. Т.Бакчиевдин айтымында, аны Айкөлдүн ааламына аралаштырган да Саякбай манасчы болгон.

Аталган китеп эпикалык дүйнөгө жакын, аны тереңден түшүнгөн адамдарга арналган. Ал эми автор китеп айтуучулук өнөрдү иликтеп жаткандарга да пайдалуу болот деген ишенимин билдирди.

— Айтуучулук өнөрдү кылдат түшүнүү үчүн алгач манасчынын табиятын иликтөө керек, — дейт Т.Бакчиев.

Гүлнара Алыбаева, “Кут Билим”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер