АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ЖАШТАР ФОРУМУ

  • 14.12.2020
  • 0

8-10-декабда Москва мамлекеттик лингвистикалык университети, Д.М.Менделеев атындагы Россия химия-технология универерситети, К.Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университети, «Манас» жана «Ч.Айтматов» Улуттук академиясы» мамлекеттик мекемеси тарабынан уюштурулган “Ч.Айтматов жана XXI кылым жаштары” аттуу эл аралык жаштар форуму өттү.

АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ЖАШТАР ФОРУМУ

Кыргызстан, Россия, Казакстан, Өзбекстан, Грузия, Армения, Тажикстандын окумуштуулары, аспирант, магистрант, студенттери катышкан  ири жыйында КУУнун профессору Назгүл Турдубаева “Повесть “Джамиля” в рецензии Раисы Кыдырбаевой (К 90-летию ученого-фольклориста)” деген баяндама жасады.

АЙТМАТОВГО АРНАЛГАН ЭЛ АРАЛЫК ЖАШТАР ФОРУМУ

Эл аралык жаштар форумунун алкагында чыгармачыл сынак да өткөрүлүп, ага доцент Айнура Бешкемпирова жетекчилик кылган студенттер менен аспиранттар катышты. Алар 90 атаандаштын ичинен ийгиликке жетишип, байгелүү орундарга ээ болушту:

  • Рустамбек кызы Айкыз — “Буктрейлер” аталышындагы номинацияда  90 атаандаштын ичинен жеңишке ээ болуп, 1-даражадагы диплом жана москвалык сүрөткерлердин «Ч.Айтматов» гравюралар жыйнагы менен сыйланды.
  • Көкүмбай кызы Гүлжамал — “Адабий-музыкалуу композиция” номинациясында “Тоолор кулаганда” жана Ч.Айтматов” деген музыкалаштырылган көркөм окуусу көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, «Алыкул» энциклопедиясы жана  сертификатка ээ болду.
  • Мирбек уулу Элдияр — акын Э.Эрматовдун “Чынгыз кайрык” чыгармасын көркөм окуу боюнча видеоролик даярдап, сертификат алды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер