АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНА АРНАЛГАН ТАРБИЯЛЫК СААТ

  • 10.02.2023
  • 0

Талас облусунун Бакай-Ата районундагы Ак-Дөбө айылындагы Акчал уулу Дүйшөн атындагы орто мектебинин башталгыч классынын мугалими Фарида Суранчиеванын “Ааламдын алп жазуучусу Чыңгыз Айтматов” темасындагы тарбиялык сааты райондук жана облустук деңгээлде мыкты деп табылды.

АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНА АРНАЛГАН ТАРБИЯЛЫК СААТ

Кайталангыс жазуучу Чыңгыз Айтматовдун өмүр жолу, чыгармалары кайра-кайра окуп, үйрөнө турган адабий кенч экени талашсыз. Мугалим тандап алган тарбиялык сааттын темасы окуучуларды жазуучунун каармандары менен аралаштырып, чыгармаларынын эстетикалык, нравалык бийиктигине жетүүгө умтулууга, окуучулардын эркин ой жүгүртүүсүнө, турмушта туура жана так максат коюуга өбөлгө түзөрүнө бекем ишенет.

АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНА АРНАЛГАН ТАРБИЯЛЫК СААТ

 

— Тарбиялык саатта окуучуларым Айтматовдун чыгармаларын окуп эле тим болбой, каармандарын талдоого үйрөнүп, адамга жат болгон көрүнүш адаттардан алыс болууга, адептүүлүккө тарбияланышса деген изги тилегимди ишке ашырдым. Сабакта окуучуларым Айтматовго арналган ырларды “Поэзия мүнөтүндө көркөм окуп, өмүр баяны тууралуу билген маалыматтарын айтып беришти. Кино легендасына айланган “Биринчи мугалим”, “Эрте келген турналар”, “Ак кеме”, “Кызыл-Алма”, “Акбаранын көз жашы”, “Саманчынын жолу” ж.б. чыгармаларынан үзүндү сахналаштырышты. Аягында жазуучунун “Ысык-Көлдү сагынуу” ырын хор аткарышты.

 

АЙТМАТОВДУН ЧЫГАРМАЛАРЫНА АРНАЛГАН ТАРБИЯЛЫК СААТ

Ушул эле тарбия сааттын алкагында 4 “б” классынын окуучулары менен Ч.Айтматовдун Шекер айылындагы музейине маданий-маалымат арттыруучу экскурсияга барып келгендигибиз тууралуу даярдалган слайд да көрүүчүлөрдү кайдигер калтырган жок, — дейт.

Сабактын соңунда чыгармачылык изденүү менен даярданган жигердүү окуучулардын эмгегин баалоо максатында грамоталар, медалдар тапшырылды. Райондон жана облустан келген мугалимдер сабакты “эң жакшы” деп баалап, сабактан жаңы методдор менен таанышкандарын белгилешти.

Айнагүл КАШЫБАЕВА,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер