Шекерде «Айтматов Ааламы” музей-комплекси ачылды
- 14.09.2026
- 0
Президент Садыр Жапаров “Айтматов ааламы” маданий-мемориалдык комплексинин ачылышына катышты.

12-сентябрда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров улуу кыргыз жазуучусу, дүйнөлүк адабияттын классиги Чыңгыз Айтматовдун кичи мекени — Талас облусунун Айтматов районундагы Шекер айылында жайгашкан “Айтматов ааламы” мемориалдык маданий-тарыхый комплексинин ачылыш аземине катышты. Иш-чарага жазуучунун жакындары, ардактуу коноктор жана жергиликтүү тургундар күбө болушту.

Мамлекет башчысы куттуктоо сөзүндө комплекстин өзгөчө улуттук жана руханий маанисин белгилеп, ал улуу жазуучунун чыгармачылык мурасын келечек муундарга жеткирүүгө багытталганын айтты. Садыр Жапаров Айтматовдун ысымы Кыргызстандын символу жана бүткүл адамзаттын баалуулугу экенин баса белгилеп, комплекс жөн гана музей эмес, маданияттын, илимдин, агартуунун жана руханий тарбиянын борбору болууга тийиш экенине токтолду. “Биздин максат – Айтматов агабыздын мурасын адеми курулган имараттын ичинде эле сактап калуу эмес, аны кийинки муундун аң-сезимине терең сиңирүү. Анткени Айтматов – адам баласын табият менен гармонияда жашоого чакырган, келечек үчүн коңгуроо каккан жалпы адамзаттык деңгээлдеги нравалык лидер!”, — деди Президент. Ал ошондой эле жазуучунун өмүр жолу жаш муун үчүн үлгү болуп, Жаңы Кыргызстандын маданий кайра жаралуу булактарынын бири болушу керектигин кошумчалады.

Иш-чаранын жүрүшүндө Президент жазуучунун эстелигине гүл коюп, комплекстеги экспозициялар менен таанышты. Андан соң Мамлекет башчысына жазуучунун чыгармаларынан кыскача театралдаштырылган көрүнүш тартууланды. Комплекстин борбордук объектиси катары Айтматовдун өмүр жолун жана дүйнөлүк адабияттагы ордун баяндаган музей салынган. Садыр Жапаров музейдеги Коноктор китебине эстелик жазуу калтырды. Музейден тышкары, комплекстин аймагында маданий иш-чараларды өткөрүүгө арналган амфитеатр, боз үйлөр үчүн аянтчалар жана туристтерге ылайыкталган зарыл инфраструктура жайгашкан. Бул долбоорду ишке ашыруу Шекер айылынын туристтик дараметинин өсүшүнө, Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгын жаштар арасында кеңири жайылтууга, ошондой эле жергиликтүү калкты жумуш менен камсыз кылып, чакан бизнести өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түзөрү күтүлүүдө.
А.К., «КБ»