АЙТМАТОВ ААЛАМЫ КӨРКӨМ ӨНӨРЧҮЛҮКТӨ

  • 13.12.2023
  • 0

Балдардын жана өспүрүмдөрдүн «Сейтек» улуттук борборунда Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына «Айтматов ааламы көркөм өнөрчүлүктө» — автордун каармандары балдардын көз карашында» деп аталган көркөм сүрөт, кол өнөрчүлүк, сайма саюу, көөкөр аяк, булгаарыдан жасалган буюмдардын көргөзмөсү болуп өттү.

АЙТМАТОВ ААЛАМЫ КӨРКӨМ ӨНӨРЧҮЛҮКТӨ

Маалыматка ылайык, “Байчечекей” комузчулар ансамбли “Кыргыз күүлөрдү» аткарып, конокторду тосуп алышты.

—  Иш-чарада залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармалары боюнча 50дөн ашык  окуучулар ата-энелердин, тарбиячылардын жардамы менен даярдап келишкен өз таланттарын көрсөтүштү.

Иш чаранын максаты —  Айтматов ааламын ар тараптан ачып берүү, анын чыгармаларын жайылтуу; залкар жазуучунун өрнөктүү жолун жаштарга үлгү кылуу; улуттук баалуулуктарды, рухий дөөлөттөрдү жана маданий-тарыхый мурастарды даңазалоо; окуучуларды китеп окууга кызыктыруу; Ч.Айтматовдун   чыгармаларындагы  кыргыздын  улуу салтынын негизинде  жаш муунду тарбиялоо, улуттук асыл-нарк  баалуулуктарга  сугарылган  муунду өстүрүү,  окуу маданиятын  калыптандыруу, — дейт борбордун директору Ира Балтабаева.

АЙТМАТОВ ААЛАМЫ КӨРКӨМ ӨНӨРЧҮЛҮКТӨ

12-декабрь 2023-жылы планетардык масштабдагы алп жазуучубуз, Кыргыз Республикасынын Эл Баатыры Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык маарекесин дүйнө жүзү белгилешти.

Малика АБДРАХМАНОВА

Бөлүшүү

Комментарийлер