Айсулуу Тыныбекова Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону аталды
- 22.09.2023
- 0
Кыргызстандын кыз-келиндер күрөшү боюнча курама командасынын мүчөсү Айсулуу Тыныбекова Дүйнөнүн 3 жолку чемпиону аталды. Ал финалдык беттеште япониялык Сакура Мотоки менен күч сынашып, аны 4:1эсебинде жеңип, алтын медалга татыды.
Тыныбекова 16-сентябрдан 24-сентябрга чейин Сербиянын Белград шаарында өтүп жаткан Дүйнө биринчилигине 62 кг чейинки салмак чен бирдигинде 1/16 финалдык баскычтан тарта катышты.
Аталган беттеште Тыныбекова польшалык, молдовалык, украиналык жана германиялык балбандарды артта калтырып, финалга өткөн.
Белгилей кетсек, аталган чемпионатта 2024-жылы Париж шаарында өтө турган жайкы Олимпиада оюндарына жолдомо ойнотулууда. Ошентип, Тыныбекова Олимпиада оюндарына дагы жолдомо алды.
Бөлүшүү
Комментарийлер