АЙРЫМ МЕКТЕПТЕР ОНЛАЙН ОКУТУУГА ӨТҮП, БАЛА БАКЧАЛАР ЖАБЫЛДЫ

  • 17.01.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги 17-январда тарта Жалал-Абад, Талас, Чүй облустарындагы бир катар мектептер онлайн окутууга өтүп, айрым бала бакчалар жабылгандыгын маалымдайт.

АЙРЫМ МЕКТЕПТЕР ОНЛАЙН ОКУТУУГА ӨТҮП, БАЛА БАКЧАЛАР ЖАБЫЛДЫ

Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө органдарынын санитардык көрсөтмөлөрүнө ылайык, онлайн окутууга өткөн мектептер:

  • Жалал-Абад шаарындагы мамлекеттик мектептер;
  •  Көк-Жаңгак шаарындагы мектептер;
  • Таш-Көмүр шаарындагы 6 мектеп;
  • Талас облусунун Бакай-Ата районундагы 1 мектеп жана 1 мектептин 2-корпусу;
  • Чүй облусунун Жайыл районундагы 11 мектеп

Кара-Көл шаарындагы – 2, Таш-Көмүр шаарындагы – 3, Бакай-Ата районундагы –1 жана Жайыл районундагы – 5 бала бакча жабылды.

Бөлүшүү

Комментарийлер