АЙПЕРИ — ОШТУ ПЕРИСИ
- 16.04.2025
- 0
Студент кыздардын арасында жыл сайын салтка айланган “ОшТУ периси — 2025” конкурсу бул жылы Кыргызстан театрында өткөрүлдү. Сынакка окуу жайдагы институттар жана колледжде билим алып жатышкан студент кыздар катышты.
Иш-чараны университеттин тарбия иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментинин директору Р.Ыдырысов ачып, катышуучуларга ийгилик каалап өттү.
Конкурстун шартына ылайык сулуулар сахнада өздөрүнүн таланттарын көрсөтүп, интеллектуалдык суроолорго жооп беришти, андан тышкары, конкурстун шарты боюнча кечки көйнөктөрдүн топтомун эл алдына алып чыгышты. Ашкана ажарын ачкан айымдардын талантын баалаган сынак бир күн мурун окуу жайда өткөрүлүп, анда ар бир катышуучу өздөрүнүн ашканадагы таланттарын ачып беришкени маалым.
Сулуулар сынагына сын көз салган калыстар тобунун чечими менен 3-орунга нновациялык маалымат технологиялар институтунун студенти Калдарбекова Назик, 2-орунга технология жана жаратылышты пайдалануу институтунун студенти Асанбекова Жаныл, 1-орунга Өзгөн технология жана билим берүү институтунун студенти Каримахунова Венера ээ болушту.
Ал эми баш байгени экономика жана башкаруу институтунун студенти Товокеева Айпери утуп алып, “ОшТУ периси – 2025” сынагынын жеңүүчүсү болду жана Ташкент шаарына үч күндүк сапарга жолдомо алды. Ошондой эле, “Инстаграмм периси” сынагынын жеңүүчүсү болуп кайрадан Товокеева Айпери аталды.
ОшТУнун басма сөз кызматы.
Комментарийлер