Айпери Медет кызы UWW дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунду ээледи

  • 10.10.2023
  • 0

Айпери Медет кызы UWW дүйнөлүк рейтингинде биринчи орунду ээледи

Кыргызстандын кыз-келиндер арасында курама командасынын мүчөсү балбан Айпери Медет кызы Бириккен күрөш уюмунун (United World Wrestling) версиясы боюнча дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу күрөш дүйнөсүнүн расмий сайтында маалымдалат.

Анын маалыматына ылайык, кыргызстандык айымдын эсебинде 82 миң 600 упай бар.

Белгилей кетсек, жаңыланган рейтингде Медет кызы Сербияда өткөн турнирдин финалында утулуп калган азыркы дүйнөнүн чемпиону япониялык Юка Кагамини ашып өткөн.

Бөлүшүү

Комментарийлер