АЙМАКТЫК ТУРДУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ — АЙЫЛДЫН АЛДЫҢКЫ МУГАЛИМИ

  • 20.02.2021
  • 0

Кара-Суу районундагы №70 Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Исмаилова Өмүркан «Жыл мугалими — 2021» сынагынын аймактык турунун жеңүүчүсү болуп табылды.

АЙМАКТЫК ТУРДУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ - АЙЫЛДЫН АЛДЫҢКЫ МУГАЛИМИ

Педагогдордун кесиптик бул таймашына Жаңы-Арык айыл аймагына караштуу жети мектептин чыгармачылык менен изденип иштеген мугалимдери катышты.

Бейтарап мектептердин мугалимдеринен түзүлгөн калыстар тобунун пикиринде баардык конкурсанттар кесиптик таймашка чоң жоопкерчилик менен мамиле кылышып, мыкты даярдык менен келишкен.

АЙМАКТЫК ТУРДУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ - АЙЫЛДЫН АЛДЫҢКЫ МУГАЛИМИ

Конкурстук тапшырмалардын соңунда №70 Ибрагим Кулбаев атындагы орто мектебинин башталгыч класстар мугалими Исмаилова Өмүркан жеңүүчү деп аталды.

— Исмаилова Өмүркан биздин мектепте орус тилдүү класста башталгыч орус класстын мугалими болуп эмгектенип жатканына беш жылдын жүзү болду. Бул мезгилдин аралыгында жаш педагог өзүн кесипкөй мугалим катары көрсөтө алды, — дейт насаатчы мугалим Инаят Жаманкулова.

АЙМАКТЫК ТУРДУН ЖЕҢҮҮЧҮСҮ - АЙЫЛДЫН АЛДЫҢКЫ МУГАЛИМИ

Жеңүүчүнү жана таймаштын башка катышуучуларын бул күнкү аракеттери жана ийгиликтери менен Жаңы-Арык айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары Арынова Санабар, Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнүн адиси Исакова Раксана куттуктап, жеңүүчүгө жана алдыңкы орундарга жетишкен катышуучуларга Айыл өкмөтүнүн Ардак грамотасын тапшырышты.

А. Алибеков, «Кут Билим»

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер