АЙМАКТАРДАГЫ ЖОЖДОРГО КАБЫЛ АЛУУДА БОСОГО БАЛЛЫ ТӨМӨНДӨТҮЛӨТ

  • 12.04.2021
  • 0

Жогорку окуу жайлардын географиялык жайгашуусун эске алуу менен жаштардын жогорку билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн теңдештирүү  максатында Билим берүү жана илим министрлиги  региондук ЖОЖдорго тапшыруудагы босого баллынын деңгээлин ЖРТнын негизги тестинин белгиленген босого баллынан 10го төмөн коюу чечимин чыгарды. 

  • Бул Бишкек жана Ош шаарынан башка аймактардагы баардык окуу жайларга тиешелүү. Алар 2021-2022-окуу жылынан баштап салыштырмалуу он балл төмөн кылып кабыл ала алышат. Региондордон эмгекке жарамдуу жаштардын кетишин азайтуу, региондук ЖОЖдордун ишмердүүлүгүн колдоо максатында ушундай кадамга бардык, — дейт билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев бүгүн коомчулукка үч жылдык программасы менен тааныштырып жатып.
Бөлүшүү

Комментарийлер